Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:46

Нетаньяху Сауд Арабиясына тымызын барып келди


Биньямин Нетаньяху.
Биньямин Нетаньяху.

Израил өкмөтү премьер-министр Биньямин Нетаньяху 22-ноябрда Сауд Арабиясына тымызын барып келгенин, тактынын мураскер ханзаадасы менен жолукканын ырастады.

Билим берүү министри Йоав Галлант Сауд Арабиясындагы жолугушууну «укмуштуудай жетишкендик» катары мүнөздөдү.

Нетаньяхунун соңку тымызын сапары тууралуу Израилдеги коомдук телеканал бийликтеги ишенимдүү булактарына таянып биринчи кабарлаган. Ага ылайык, Израилдин өкмөт башчысы тактынын мураскер ханзаадасы Мухаммед бен Салман жана АКШнын башкы дипломаты менен Неом шаарында жолуккан.

Нетаньяхунун кеңсеси менен АКШнын Иерусалимдеги элчилиги бул маалыматты расмий бышыктай элек. Буга чейин Сауд Арабиясына Израилдин өкмөт башчысы бара элек болчу.

Бул жолугушуу Эр-Рияддын Перс булуңундагы эки өнөктөшү - Бириккен Араб Эмираттары жана Бахрейн менен Израил мамилесин жөнгө салуу боюнча макулдашкандан кийин ишке ашууда.

Сауд Арабиясы буга чейин Израил палестиндер менен жаңжалын жөнгө салмайынча алар менен алака-катыш кылбоо тууралуу Араб Өлкөлөрү Лигасынын позициясын карманарын билдирип келген. Бирок Тел-Авивдин учактарына өз аймагы аркылуу Перс булуңуна жана Азияга учууга уруксат берген.

XS
SM
MD
LG