Чүй милициясы асылып турган маркумдун тек-жайын аныктады

Иллюстрациялык сүрөт.

Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын маалыматына караганда, Аламүдүн районундагы Жылуу-Булак (Теплые ключи) аймагында сөөгү табылган жаран Нарын облусунун 19 жаштагы тургуну экени аныкталды. Учурда анын өлүмүнүн себептери иликтенүүдө.

22-ноябрда Аламүдүн районундагы Жылуу-Булак аймагынын тургундары белгисиз адамдын асылып турган сөөгүн көрүп, милицияга кабар беришкен. Маркумдун оозу, буттары жана колдору скотч жана жип менен байланган.

Чүй облустук ички иштер башкармалыгы бул факты бирдиктүү реестрге катталып, Жазык кодексинин «Киши өлтүрүү» беренеси боюнча сотко чейинки териштирүү иштери жүргүзүлүүдө. (ZKo)

Дагы караңыз

COVID-19: Дагы алты киши каза болду, 304 бейтап жаңы катталдыАКШ "Ачык асман"келишиминен чыктыКаратегин: “Жерге-Тал кабарлары” гезитинин 86 жылдык тарыхы барКытай Кыргызстандын карызын кечеби?Европанын айрым өлкөлөрү карантинди жумшартканы жататЧет өлкөгө билим алуу үчүн демөөрчү таап берген уюм ачылдыАкыркы он айда 20 миңден ашык өрт чыкты, андан 102 адам куткарылдыШевченко: биздин үй-бүлө күчтүү аялдардын үлгүсүМуфтият аялдар зомбулугуна каршы иш-чараларды өткөрөтПутин Байденди эмне үчүн куттуктабай жатканын айтты