Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 23:18

Акыркы он айда 20 миңден ашык өрт чыкты, андан 102 адам куткарылды


Кыргызстандык куткаруучу. ӨКМ тараткан сүрөт.
Кыргызстандык куткаруучу. ӨКМ тараткан сүрөт.

2020-жылдын 10 айында Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруучулары ар кандай кырсыктардан 221 адамды куткарышкан. Алардын ичинен өрттөн 102, жол кырсыктарынан 74, экстремалдык абалдагы 44 жана көлмөдөн бир адамды куткарышкан. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы маалымдады.

Ошондой эле жалпы 829 адамга жардам көрсөтүлгөн. Алардын ичинен 33 кишиге дарыгерге чейинки жардам, күтүүсүз кырдаалга туш болгон 392 кишиге, үйүнүн эшиги жабылып калган 4040 кишиге жардам беришкен. Телефон аркылуу кеңеш 3483 жаранга көрсөтүлгөн.

Расмий маалыматка ылайык, 2020-жылдын 10 айында жалпысынан 2045 өрт катталган. Тилсиз жоонун чыгымы 473 млн. сом деп эсептелди. (TSh)

XS
SM
MD
LG