Якутияда жети киши антисептикке ууланып каза болду

Антисептик.

Орусиянын курамына кирген Якутияда кол тазалоочу антисептикке ууланган жети киши жашоо менен кош айтышты. Дагы экөө комада жатат.

"Интерфакс" Роспотребнадзордун жана Тергөө комититенин маалыматына таянып 21-ноябрда кабарлагандай, үч күн мурда Томтор кыштагынын тургундары беш литр антисептик сатып алып ичишкен. Кол тазалоочу каражатка уулангандардын үчөө ошол күнү, дагы төртөө эртеси көз жумган.

Экспертиза көрсөткөндөй, антисептикте 69% өлүмгө дуушар кыла турган уулуу метил спирти бар. Жети кишинин өлүмүнө себеп болгон антисептиктин ошол түрү сатыктан алынып, ишканада өндүрүлгөн бөлүгүнө арест коюлду.

Коронавирустун жайылышы менен көп колдонула баштаган антисептикке ууланып каза болгондор буга чейин Индияда, Түркияда катталган.

Орусияда 2016-жылы "Боярышник" деп аталган ичимдикте айнек тазалоочу уулуу спирт бар экени аныкталып, аны колдонууга сот тыюу салган. Анда "Боярышникке" ууланган 76 киши өлгөн. Күнөөлүү деп табылган жети киши 7-9 жылга камалган.

Дагы караңыз

Шайлоо жыйынтыгын кайра кароону самаган Трамп дагы эки башка штаттан сокку алдыКурултай – Азиядагы авторитаризмдин куралы Ооганстандын борборундагы ракета чабуулу үчүн жоопкерчиликти "Ислам мамлекети" тобу өз мойнуна алдыӨлкөсүн өргө тарткан аял президенттер"Ата Мекен" партиясынын штабына белгисиз кишилер келип талап койгону кабарланды