Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 12:51

Ооганстандын борборундагы ракета чабуулу үчүн жоопкерчиликти "Ислам мамлекети" тобу өз мойнуна алды


Кабулдун чет жакасында күзөттө турган ооган жоокери. 2020-жылдын 18-ноябры.
Кабулдун чет жакасында күзөттө турган ооган жоокери. 2020-жылдын 18-ноябры.

Ооганстандын полициясынын маалымдашынча, 21-ноябрдын таңкы кымгуут саатында Кабулдагы турак жайларга ракета чабуулу болуп, бери дегенде үч киши өлүп, ондогон кишилер жаракат алышты.

Бул окуя АКШнын Мамлекеттик катчысы Майк Помпео Катарда талиптер менен ооган бийлигинин тынчтык сүйлөшүү жүргүзүү топтору менен жолугуша турганы белгиленген учурдан бир нече саат мурда орун алды.

Бул жолугушуу Ооганстанда урушуп жаткан тараптардын токтоп калган тынчтык жүрүмүн кайра жандандыруу максатын көздөп жаткан.

Ал эми Женевада эки күндөн кийин Ооганстанга жардам көрсөтүүчү демөөрчүлөрдүн башкы жыйыны өткөрүлмөк.

Кабулдагы ишембидеги жардыруулар чет өлкөлүк элчиликтер жайгашкан дипломатиялык конушка жакын жерде болду.

Ооганстандын ички иштер министрлигинин басма сөз өкүлү Тарык Ариандын айтымында, оболу үч киши өлүп, 11 киши жарадар болгон. Ал эми өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлиги беш киши набыт кеткенин, 21 киши жаракат алып, ооруканаларга кабыл алынганын билдирди.

Ариан мырзанын жаңы видео кайрылуусунда, ал "талиптер" деп атаган күчтөр Кабулдун ар башка жериндеги беш конушка жалпысынан 24 ракета чабуулун жасашкан.

Саал мурдараак ал чакан автоунааларга ракета аткычтарды жүктөп келишип, андан соң ракеталарды учуруп аткылашканын айткан. Бул унаалар кантип Кабулга өтүп кеткени тууралуу тергөө башталганын да ал кошумчалаган.

Ал эми талиптер бул чабуулга өздөрүнүн эч тиешеси жоктугун билдиришти.

Ишембиде "Ислам мамлекети" деп аталган террорчу уюм бул чабуулду уюштургандыгын жарыялады. Аталган уюмга көптөгөн өлкөлөрдө ашынган террорчу топ катары тыюу салынган.

Ирандын Кабулдагы элчилигинин короосуна да бир ракета келип түшкөн, бирок андан эч ким жабыркабагандыгы маалымдалды.

Ооганстандын президенти Ашраф Гани ишембидеги кол салууну айыптап чыкты.

XS
SM
MD
LG