Феликс Кулов: Бийликтин мындай узурпациясын эч жерден көргөн эмесмин

Феликс Кулов, мурдагы премьер-министр, "Ар-намыс" саясий партиясынын лидери.

Мурдагы премьер-министр, саясатчы Феликс Кулов Баш мыйзамдын жаңы долбоору президенттик институт менен Элдик курултайды киргизип, президентке абсолюттук бийликти берүү менен гана чектелгенин билдирди.

«Жаңы долбоорду карап чыгып, эскиси менен салыштырса көп деле айырма жок. Болгону президенттик бийликти чексиз кылууга багытталган. Жогорку Кеңештин эч кандай көзөмөл функциясы калбайт. Бул Конституция боюнча бардык бийлик президентке гана таандык, өкмөт башчы болгону кызматынан чегинүү жана президенттик милдетин аткаруучу гана укукка ээ. Мындай башаламан, бийликти узурпациялаган Баш мыйзамды мурда-кийин көргөн эмесмин. Түркмөнстанда ушундай үлгүдөгү Конституция бар. Гурбангули Бердымухамедовдун бийлигин узурпациялаган биздеги Курултай сыяктуу Маслихат бар».

«Мунун аягы жаман бүтөрүн белгилеген» Кулов президенттин мөөнөтү боюнча да «кызыктуу жагдайды» белгиледи:

Жаңы долбоордо «президент беш жылдык убакыт менен эки мөөнөткө шайлана алат» деп берилген. Бирок «Президентти шайлоо боюнча мыйзамга ылайык» 10-январдагы шайлоодо шайлана турган президент алты жылдык убакыт менен шайланганы турат. Бул да акылга сыйбаган көрүнүш. Аны шайлоо эски Баш мыйзам боюнча болсо, ыйгарым укугу жаңы долбоорго ылайык болорун кандай түшүнсө болот? Таң калганым, жаңы шайланган президентке ошол эле күнү референдум менен кабыл алынган Баш мыйзамга ылайык ыйгарым укуктарды берүүгө кантип болсун?

Себеби ал азыр эски Баш мыйзамдын негизинде шайлоого барып жатпайбы. Мындай жапайычылыкты кайдан көрсө болот? Биринчи Конституцияны өзгөртүп, анан президенттик шайлоо болсо түшүнөт элем да. Шайлоо боло электе эле анын жыйынтыгын бурмалоо болуп жатат».

17-июлда Жогорку Кеңеш Кыргызстандын Конституциясынын жаңы долбоорун коомдук талкууга чыгарды. Анда көрсөтүлгөнгө караганда Баш мыйзамдын долбоорун референдумга алып чыгууга 80 депутат демилгечи болгон.

Жаңы долбоорго президенттин кеңейтилген укуктары, мамлекеттик башкарууга Элдик курултай деген жаңы институт киргизилген. Ага ылайык президент мамлекеттин башчысы болуп саналат жана аткаруу бийлигин жетектейт. Президент мамлекеттин ички, тышкы саясатынын негизги багыттарын аныктайт жана беш жылга шайланат, бирок эки мөөнөттөн ашык эмес. Ал ошондой эле өкмөттүн курамын жана түзүмүн өзү аныктайт. Өкмөттү башкаруу премьер-министр болгон президентке жана анын аппаратына жүктөлгөн.

Жогорку Кеңештин тиешелүү жоболоруна өзгөртүү киргизилет. Ага ылайык беш жылдык мөөнөт менен 90 депутатты шайлоо тууралуу сунуш киргизилген. Мында Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо тартиби конституциялык мыйзам менен аныкталат.

Баш мыйзамдын жаңы долбоору жарыяланары менен социалдык тармактарда кызуу талкуу башталып, айрымдар бийликти «бир колго топтоо» катары сындап жатышат. (BCh)

Дагы караңыз

Оштун мэри Сарыбашов ооруканадаӨлкө боюнча 1,2 миллиондон ашык киши эмделдиУнчукпай келген утурумдук башчылар Токтогазиева: Конституциянын долбооруна сунуш киргизүү укугубуз чектелдиСадык Шер Нияз: Баш мыйзамдын жаңы долбоору президенттик диктатураны орнототБаш мыйзамдын жаңы долбоору: диктатуранын илеби