Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 02:42

Унчукпай келген утурумдук башчылар


Президенттин милдетин аткаруучу Талант Мамытов жана өкмөт башчынын милдетин аткаруучу Артем Новиков.
Президенттин милдетин аткаруучу Талант Мамытов жана өкмөт башчынын милдетин аткаруучу Артем Новиков.

Кыргызстанда 14-ноябрдан тартып президенттин милдетин аткаруучу алмашты. Мамлекеттик эң жогорку кызматтын бир кишиден экинчи адамга берилгени кадыресе окуядай кабыл алынды.

Бекжан Рысмамбетов 5-6-октябрда парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразылыгын билдирип, "Ала-Тоо" аянтында толкуган элдин катарында болгон. Ал бул окуяларга жигердүү катышып, парламенттик шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарууну жана мыйзамсыз жол менен жеңишке жеткен партияларды четтетүүнү талап кылып жүргөн.

Жаш саясатчы Рысмамбетов ушул окуялардан соң бир жарым ай өтпөй өлкөнүн утурумдук башчылыгына дал ушул 5-октябрдагы нааразылыкка себеп болгон партиялардын биринин мүчөсү келет деп ойлогон да эмес.

«Эми албетте, акцияга чыккандардын көпчүлүгү окуялардын азыркыдай өнүгүшүн күткөн эмеспиз, - деди ал. - Ал нерсе ишке ашканда бир да бала люстрацияга түшөт деген саясатчылар кайра келип, президенттин милдетин аткарып калат деп ойлогон эмес. Бул ыңкылаптын жеңишин уурдаганга тете иш болуп жатат. Мисалы, ошол парламенттик шайлоо башталганда эле нааразылык жараткан иштердин бири - «Кыргызстан» партиясы документтерин кеч тапшырганы болгон. Азыркы президенттин милдетин аткаруучу Талант Мамытов ошол учурда дал ушул партиянын камчысын чаап жүргөн. Эми ошол адамдар таза шайлоо өткөрүп берет дегенге мен азыр ишенбей турам».

Бекжан Рысмамбетов алдыдагы президенттик шайлоонун бирден-бир талабы - аны таза жана бейтарап өткөрүү экенин белгилеп, учурдагы өлкө башчысынын милдетин аткаруучу аны камсыз кыла алабы деп күмөн санап турат.

Мамытов: президенттик шайлоону ачык жана мыйзам чегинде өткөрөм

44 жаштагы Талант Мамытов 14-ноябрдан баштап Кыргызстандын президентинин милдетин аткара баштады. Ал 10 күн гана мурун парламенттин төрагалыгына шайланган. Ошондо эле «Мамытов саясий үзөңгүлөшү Садыр Жапаров шайлоого кеткен учурда анын ордуна президенттик кызматты ээлеп туруш үчүн келди» деген сөздөр айтылган.

Болжогондой эле, Жапаров президенттикке талапкер катары БШКга арыз берген күнү президенттин милдетин аткарууну Талант Мамытовго жүктөп, премьер-министрликти биринчи орун басары Артем Новиковго убактылуу тапшырды.

Өлкөдө мамлекеттик бийлик башка колго өткөнү президенттин расмий сайты аркылуу гана кабарланып, бул кызматка киришкен Мамытов элге кайрылуу таратты. Анда Мамытов өлкө алдындагы эң башкы милдети - президенттик шайлоону ачык жана мыйзам чегинде өткөрүү экенин белгиледи:

«Ошондуктан өлкө башчысынын милдеттерин аткарууга киришип жатып, эл алдындагы, мамлекет алдындагы жеке жоопкерчилигимди сезип жатам. Конституциялык укуктарымдын алкагында президенттин милдетин аткаруучу катары элдин тынчтыгын, өлкөнүн бүтүндүгүн коргош үчүн бардык аракетимди жасайм. Менин аракеттеримди өлкөнүн акыл-эстүү жарандары толугу менен колдойт деп ишенем. Ар бирибиз сырттан карап турбай, кыйынчылыктан чогуу чыгалы. Өз миссиябызды аткарып, эл алдында жүзүбүз жарык, алгылыктуу иш алып барабыз деп ишенем».

Ошентип, соңку бир жарым ай ичинде өлкөнүн экинчи утурумдук жетекчиси кызматка киришти. Талант Мамытов Кыргызстандын эгемен тарыхындагы президенттик кызматты аткарган жетинчи адам болуп калды.

Алдыдагы эки айда Кыргызстанда мыйзам чыгаруучу жана президенттик бийликти Талант Мамытов, ал эми өкмөт башчылыкты Артем Новиков аркалайт. Адегенде өлкөнүн эки тизгин, бир чылбырын колго алган бул адамдар кимдер экенине көңүл буралы.

Эки кызматты бир аркалаган Мамытов

Чынында эле Талант Мамытовдун убактылуу болсо да президенттин милдетин аткаруучу болгону күтүүсүз жана тездик менен ишке ашты. Мындан эки ай мурун «Кыргызстан» партиясынын тизмесинде ат салышып, мурдагы бийликтин саясатын колдогон саясий күчтүн курамында жүргөн Мамытов бир айдан кийин тополоң аркылуу келген бийликтин башына отурду.

1976-жылы Жалал-Абаддагы Майлуу-Суу шаарында туулган Талант Мамытовдун кесиби юрист. Бишкектеги Кыргыз улуттук университетинин юридикалык факультетин аяктаган соң 10 жылга жакын прокуратура системасында эмгектенген. Бул тармактагы эң жогорку кызматы Тогуз-Торо районунун прокурору болгон.

Мамытов 2010-жылы Жогорку Кеңештин V чакырылышына «Ата Журт» партиясынын тизмеси менен депутат болуп саясатка келген.

2012-жылы ал кездеги оппозициячыл «Ата Журт» фракциясынын мүчөлөрү Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров жана Талант Мамытов жетектеген топ Бишкекте Кумтөр кенин мамлекеттештирүүнү талап кылган митинг өткөргөн. Ал башаламандык менен коштолуп, Жогорку Кеңештин кашаасынан ашып өтүүгө аракеттенгендердин айынан бир нече адам кармалган.

Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров жана Талант Мамытов cот залында.
Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров жана Талант Мамытов cот залында.

Бул ишке байланыштуу 2013-жылдын 29-мартында Бишкектин Биринчи май райондук соту Ташиевди, Жапаровду жана Мамытовду бийликти күч менен басып алуу аракети боюнча соттогон. 2013-жылдын 17-июнунда шаардык сот үчөөнү тең актап, сот залынан бошоткон.

Кезинде бир иш боюнча чогуу сот жообуна тартылгандар бийликке келип, аларды шаардык сотто актаган соттук коллегиянын төрагасы Курманкул Зулушев бийлик алмашкан соң башкы прокурор болду.

2015-жылдагы парламенттик шайлоодо Талант Мамытов «Республика - Ата Журт» партиясынын тизмесинен депутаттыкка кайрадан шайланган. Мурдагы чакырылышта оппозициячыл маанайда болгон депутат бул ирет көбүнесе бийликке ыктаган көз карашты карманган.

Кыргызстандан миллиондогон доллар акчаны чыгарып кетүүгө аралашкан Саймаитинин өлүмүнө байланыштуу жагдайларды териштирген депутаттык комиссияны жетектеген. Президенттин милдетин аткарууга киришкенде социалдык тармактардын колдонуучулары Талант Мамытовдун дал ушул комиссиядагы позициясын эстеп, «кийин кылмыш иши козголгон коррупциялык схема боюнча бир жактуу болгон» деп сындашты.

Талант Мамытов сын-пикирлерге жооп кайтарып, өз жүйөсүн келтирген:

«Комиссиянын жыйынтыгынын негизинде Жогорку Кеңештин токтому кабыл алынган. Ал жерде комиссиянын негизинде алты кылмыш иши козголгон. Бажы тармагындагы, «Азаттыкта» чыккан фактылар боюнча... Мындан сырткары эки багыт боюнча: Саймаитинин өлүмү жана 700 миллион доллар боюнча гана өз көз карашыбызды айтканбыз. Бул боюнча калган аракеттер толугу менен жүргүзүлүп, укук коргоо органдарына тапшырма берилген».

2020-жылы болсо Мамытов «Кыргызстан» партиясынын тизмесинде 2-орунда туруп, БШК бул партияны каттабай койгон учурда саясатчы Канатбек Исаевди жандап, сотто жүргөн. Партия октябрдагы шайлоого катышып, 9% жакын добуш алганы айтылган. Бирок дал ушул шайлоонун жыйынтыгы нааразылыкка жем таштап, бийликтин алмашуусу менен аяктаган окуяларга түрткү болду.

Талант Мамытов Бишкектеги массалык башаламандыкта дароо эле «Ата Журт» партиясындагы эски үзөңгүлөштөрүнө кошулуп, тарапкерлери түрмөдөн чыгарган Садыр Жапаровдун ишенимдүү адамына айланды. Жапаровду парламентте премьерликке бекитүү боюнча жараянда салмактуу салым кошкону көрүндү. Андан соң өзү тездик менен парламент төрагалыгына келип, эми минтип өлкө башчысынын милдетин аткарууга киришти.

Талант Мамытовдун бул кызматка келишине буга чейинки тажрыйбасы же саясий салмагы эмес, Жапаровго жакындагы башкы ролду ойногону айтылууда.

Муну эске салган «Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев дал ушундай кырдаалда Мамытов баштаган утурумдук бийлик шайлоону калыс өткөрө албаса, анын кесепети оор болорун эскертти:

«Мамытов өлкөдөгү аябай кыйчалыш учурда бийликке келип атат. Бул эки айдын ичинде бир жылга тете иштер жасалышы керек. Формалдуу гана досунун ордун эч кимге алдырбайын деген кароолчулуктун ролун аткарбаш керек. Бул мамлекеттүүлүктүн, мыйзамдуулуктун сакчысы болуш керек».

Өкмөттү башкарган Новиков

Садыр Жапаров шайлоого аттанып жатып убактылуу өкмөттүн тагдырын биринчи вице-премьер министр Артем Новиковго тапшырды.

Садыр Жапаров буга чейин бардык кызматты тапшырып берип, шайлоого катардагы жаран катары катышарын айтса да бул жолу премьер-министрликти убактылуу гана тапшырганы белгилүү болду.

33 жаштагы Новиков туура бир ай мурун Жапаровдун биринчи орун басары болуп кызматка киришкен. Ал акыркы жети-сегиз жылдан бери кыргыз өкмөтүндө ар кыл кызматтарды ээлеп келди.

Артем Новиков.
Артем Новиков.

Кызматтык карьерасын 2010-жылга чейин мурдагы президент Курманбек Бакиевдин уулу жетектеген Инвестиция жана инновация боюнча борбордук агенттикте баштаган Артем Новиков апрель окуяларынан кийин деле бийликтен сыртта калган жок. Алгач өкмөттө бир нече вице-премьердин кеңешчиси болсо, кийинчерээк мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин аппаратында экономика бөлүмүн жетектеген.

2017-жылы Сапар Исаков өкмөт башына келгенде Новиковго Экономика министрлигин ишенип тапшырган. Бул маанилүү кызматта Новиковдун өтө жигердүү ишмердиги деле байкалбай, бир жылга жетпей жумуштан кеткен.

Бирок министрликтен кеткен соң Новиков өкмөттөн алыстабай жыл башында экс-премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин экономика маселелери боюнча кеңешчиси болуп чыга келген.

Акыркы айда өкмөттө Артем Новиков экономиканы, ЕАЭБдин алкагындагы кызматташтык тармагын тейлеп жатса, эми жалпы өкмөткө жүктөлгөн жоопкерчиликти өз мойнуна алып, ыйгарым укуктарына ээ болду.

Ал учурдагы актуалдуу маселелерди чечүүнүн үстүнөн иштөөгө убада берип жатат:

«Азыр биздин алгачкы максатыбыз - экономикалык, коомдук-саясий абалды турукташтыруу, бюджеттин киреше бөлүгүн толук камсыз кылуу жана өкмөттүн социалдык милдеттерин аткаруу. Милдеттер коюлган. Өкмөт, депутаттар жана президенттин милдетин аткаруучу менен бирге бул иштерди аткарабыз».

Жогорку Кеңештин депутаты Жанарбек Акаев Новиков азыркыдай олутуу кырдаалда өкмөттү башкарууга даяр эмес деген ойдо.

«Азыркыдай олку-солку кырдаалда Артем Новиков өкмөттү башкарганга быша элек болчу, - деди ал. - Ал айрым кызматтык дайындоо, кээ бир чечимдерге өкмөт башчы катары кол коюп, эртең жоопкерчиликтүү катары көрүнүшү мүмкүн. Анын ордуна татыктуу абдан эле көп адам бар болчу. Бирок алардан кызматты кызгангандай туюлуп жатат. Себеби, Новиковдун эч дымагы жок, эртең президент же башка болом деген ниети жок болгону үчүн ушундай адамдар керек болуп турат».

Жапаров баштаган өкмөт алгачкы жыйынын өткөрдү
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:37 0:00

«Бийлик алмашты. Тынч жана эч ким байкабастан»

Эксперттер соңку айларда олку-солку болгон Кыргызстанда мамлекеттик бийлик башчыларынын алмашуусу катардагы окуя катары кабылданып, көп деле көңүл бурулбаганын белгилешет.

Бул кырдаалды орусиялык эксперт Аркадий Дубнов «Кыргызстанда кайрадан президент алмашты. Тынч жана эч ким байкаган деле жок» деп сүрөттөдү.

Бул жагдайга Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Текебаев көңүл буруп, мамлекеттик бийликтин кадыр-баркына шек келтирчү окуя катары сыпаттоодо:

«Эми мыйзамда көрсөтүлбөгөнү менен бизде тарыхый тажрыйба бар. Мамлекет башчылары бийликтен кеткенде Жогорку Кеңеште билдирүү жасашат. Ал эми кызматка киришкенде депутаттар алдында ант берип кызматка киришет. Убактылуу болсо да мамлекеттин башчысынын кызматы өткөрүлүп жана алынып жатканда дал ушул салт сакталса жакшы болмок. Садыр Жапаров кызматтан кетип жатканын кагаз жүзүндө жазып, ал Жогорку Кеңешке келип, парламент төрагасы бул жоопкерчиликти алганын жарыяласа тарыхый окуя болмок. «Пандемия» деп туруп бирөө онлайн түрдө «кеттим» деп койду, экинчиси «алдым» деп койду. Мындай болбой биз урпактар алдында да тарыхый каада-салт жаратышыбыз керек болчу. Анын үйдө жатып телефондон «кызматты алдым» деп жарыялап койгону чоң миссияга олутсуз мамиле кылуу катары кабыл алынып калды»

Ал эми адистер мындай кырдаалды коомдогу жалпы маанай менен түшүндүрүшөт. Маселен, саясий пиар боюнча адис Азим Азимов учурда коомдо көңүл калуу күчөп баратканын эске салды:

«Чынында эле акыркы өзгөрүү боюнча коомчулукта же медиада болобу, күчтүү реакция болгон жок. Бир жагынан мамлекет башындагы адам алмашып жатса кайдыгерлик болдубу же кызыгы тарадыбы деген таң калычтуу болушу мүмкүн. Бирок мен муну бир нече жагдай менен түшүндүрөт элем. Биринчиден, Садыр Жапаров кызматынан кеткенине карабастан ал кайтып келүүнү көздөп турат. Талант Мамытовдун акыркы позициясы - убактылуу чара. Мындан сырткары азыр элибиз, жарандык коом акыркы эки айдагы олку-солкулуктан улам күчтүү бир стрессте жашап жатат. Муну посттравматикалык синдром деп коёт же башкача айтканда жаракат алгандан кийин адамдар бир нече убакытка башка нерселерди сезбей калат. Өлкөбүз дал ушундай посттравматикалык синдромду башынан өткөрүп жатат. Ошондуктан башка учурда мастштабдуу көрүнгөн өзгөрүүлөргө көңүл бура албай жатабыз».

Социолог Самар Сыргабаевдин айтымында, азыр элдин көңүлү президенттик шайлоого бурулуп, келечектеги президенттен кескин өзгөрүүлөрдү күтөт.

Самар Сыргабаев
Самар Сыргабаев

«Азыр элдин мүдөө-талаптары күтүү режимине өткөндөй сезилет, - деди ал. - Бул 10-январдагы президенттик шайлоого байланыштуу. Азыр коомчулукта социалдык базасы бар саясатчы катары Садыр Жапаров карала турган болсо, азыркы өзгөрүүлөр, анын ичинде Талант Мамытовдун убактылуу бийлик башына келиши техникалык гана мүнөздө экенин эл деле түшүнүп турат».

Адистер акыркы өзгөрүүлөрдү техникалык мүнөздө деп түшүндүргөнү менен Кыргызстанда саясий окуялар абдан тез өнүгөрүн да четке кагышпайт. Ошондуктан, саясий жагдай кандай өзгөрөрү жана эмне жыйынтык менен аяктай тургандыгы азыркы бийликтин буга чейинки окуялардан алган сабагынан көз каранды.

Кыргызстанда президенттик шайлоо 10-январга белгиленген. Азырынча өлкөдөгү эң жогорку кызматка ат салышууга ниеттенгендердин саны 60тан ашты. Алардын ичинде октябрдагы элдин толкундоонун шарапаты менен түрмөдөн чыгып, өкмөт башына келген Садыр Жапаров бар. Эми Борбордук шайлоо комиссиясы арыз берген жарандардын документтерин иргеп, бардык талапка жооп бергенин гана расмий талапкер катары каттайт.

Өлкөнүн тарыхындагы сегизинчи президенттик шайлоодо негизги атаандаштык саналуу эле талапкердин ортосунда болору болжолдонууда.

  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттык Медианын" директору. "Эксперттер талдайт" программасынын алып баруучусу. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. 

XS
SM
MD
LG