Өзбекстан Кыргызстанга азык-түлүк жардамын жөнөттү. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги кабарлады. Мекеменин маалыматына караганда, коронавируска каршы күрөшкө жардам иретинде 3 000 тонна буудай темир жол мене жөнөтүлгөн. 17-ноябрда аны кыргыз тарап Ош шаарындагы станциядан тосуп алды.
Мындан тышкары, жакынкы арада Өзбекстан Бишкекте жана Баткендин Кадамжай районунда 400 орундук инфекциялык оорукана куруш үчүн модулдук курулуш конструкцияларын жөнөтөрүн билдирди.
Эки өлкө буга чейин да бири-бирине гуманитардык жардам көрсөтүп келген. (RK)
Дагы караңыз
2020-жылдын бюджетинин дефицити 35,6 млрд. сомду түзүп, жаңы рекорддук чекке жеттиТаңкы Азаттык (2-чыгарылыш)Байден: Трамптын жеңилгенин мойнуна албаганы COVID-19 менен күрөшкө жолтоо болуп жататАдвокат Жоошев: Атамбаевдин камактагы сүйлөшүүлөрү жашыруун жазылган видеону сыртка чыгаргандар жазаланышы керек Өкмөт мамлекеттик кызматкерлерди азайтуу аракеттерин баштады