16-ноябрда Улуттук банк кезектеги валюталык интервенция жүргүзүп, сатыкка 23,4 миллион доллар чыгарды. Ушуну менен ноябрь айында экинчи, ал эми жыл башынан бери 16-жолу интервенция жүргүзүлүп, сатыкка жалпысынан 395 миллион доллардан ашуун акча коюлду.
Интервенцияны башкы банк улуттук валюта сомду колдоо максатында ишке ашырат.
Бүгүн, 17-ноябрга карата доллардын расмий курсун Улуттук банк 84,80 сом деп аныктады, акча алмаштыруучу жайларда орточо сатуу курсу 84,90 сом болууда.
2016-жылдан бери туруктуу бойдон 69 сомдун тегерегинде сакталып келген доллар быйыл март айында 85 сомго жетип, кийин кайра арзандай баштаган.
Жыл башынан бери Кыргызстанда доллардын курсу 15-16 сомго көтөрүлүп, ошого жараша азык-түлүк жана башка товарлар да кымбаттап кетти. (RK)
Дагы караңыз
Кыргызстан менен Кытайдын тышкы иштер министрлери Бишкектин карызы жөнүндө телефондон сүйлөштүЖакшы сүрөтүм жок президенттикке талапкер болбой калдым!Финпол: «Товардын акчасы» деген шылтоо менен Кыргызстандан 23 миллион доллар чыгарылып кеткенТаласта насыя карызын төлөй албай жаткандар прокуратураны айыптоодо Тышкы карыз: элден колдоо күткөн өкмөтЖапаров дипкорпустун тамырын тартты Кыйын болду кыргызга…БУУ Кыргызстанга пандемиянын кесепетин жоюуга 25 миллион доллар бөлөрүн билдирди