Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Январь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 07:57

БУУ Кыргызстанга пандемиянын кесепетин жоюуга 25 миллион доллар бөлөрүн билдирди


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бириккен Улуттар Уюму (БУУ) Кыргызстанга коронавирус пандемиясына байланыштуу түзүлгөн кризистин кесепеттерине каршы күрөшүүгө 25 миллион доллар бөлмөй болду. Кыргызстандын жана БУУнун бул тууралуу биргелешкен билдирүүсүн өлкөнүн Тышкы иштер министрлиги 13-ноябрда жарыялады.

Анда социалдык-экономикалык жөнгө салуу боюнча “жол картасы” иштелип чыкканы, жардам айыл жергесиндеги элдин аз камсыз болгон катмарына жумшалары жазылды.

Экономикалык жана экологиялык туруктуулук, социалдык биримдик жана гендердик теңдик багыттарына негизги көңүл бурулуп, жаштарга жана аялдарга жумуш берүү, азык-түлүк коопсуздугун бекемдөө, социалдык коргоо, медициналык тейлөө жана сапаттуу билим кызматтарын камсыз кылуу иши жүргүзүлөру айтылды.

Кыргыз тарап, өз кезегинде, бардык эл аралык милдеттенмелерин аткарууну, саясий жана башка багыттагы реформаларды ишке ашырууну уланта турганын билдирди.

Быйыл коронавирус пандемиясы башталгандан кийин кайра саналган бюджеттин таңкыстыгы 28-30 млрд сомду түзөрү белгилүү болгон. Президенттин милдетин аткарып жаткан өкмөт башчы Садыр Жапаров парламенттин 14-октябрдагы отурумунда дефицит 42 млрд сомго чейин жетиши ыктымал экенин айткан. (RK)

XS
SM
MD
LG