Тыва Республикасынын өкмөтү аймактын аталышын сайттарга, социалдык тармактардагы топторго жана мессенжерлерге уруксат албай туруп коюуга тыюу салды. «ТуваМедиаГрупп» басылмасы бул эрежени бузгандарга төрт миңден 50 миң рублге чейин айып салынарын жазды.
Жаңы чечимге ылайык, Тыванын атын пайдаланууга уруксатты эми аймактык Юстиция министрлиги берет. Мекеменин комиссиясы «Тыва», же «Тува» деген аталышты «татыксыз сөз» менен кошо жазууга тыюу салат. Ошондой эле республиканын аталышы кошо жазылган, аймактын кадыр-баркына шек келтирип, жаманатты кылган аталыштар деп табыла турган болсо аны өзгөртүүнү талап кылат.
«Сибирь.Реалии» басылмасы билдиргендей, «Вконтакте» соцтармагында «Тыва жаңылыктары» тобу айып пул төлөбөшү үчүн атын «Сергей Шойгунун мекенинин жаңылыктары» деп өзгөрттү. Анын администраторлору жергиликтүү бийликтин аракеттерин Интернеттеги сөз эркиндигин чектөө катары сыпаттады.
«Тува эң жакыр аймак экени элдин баарына белгилүү, жумушсуздук күч алган, экономикасы кыйраган, коррупция тири шумдук деңгээлге жеткен. Туванын кадыр-баркына ириде аткаминерлер шек келтирет», деп жазылат билдирүүдө.
Туванын жетекчилери мындай дооматтарга жооп бере элек.
Дагы караңыз
«Кендерге лицензия берүүгө мораторий кирди»Мурдагы өкмөт башчыны айланган сур булут Матраимовдун үч медиа менен соту уланууда Кесиптик кошуундар жаңы мыйзамга нааразыБилимге башын сайган инсан эле...