12-ноябрдагы басма сөз жыйынында президенттин милдетин аткаруучу өкмөт башчы Садыр Жапаров казынада пенсия, жөлөк пул, айлык акы төлөөгө каражат бар экенин айтып, жыл аягына чейин баары убагында берилерин маалымдады:
«Өлкөдө экономикалык абал өтө жакшы же жаман деп да айта албайм. Орточо деп айтам. Жылдын аягына чейин корголгон беренелер боюнча беребиз. Эч кандай кармалбайт».
Быйыл коронавирус пандемиясы башталгандан кийин кайра саналган бюджеттин таңкыстыгы 28-30 млрд сомду түзөрү белгилүү болгон. Бирок Садыр Жапаров парламенттин 14-октябрдагы отурумунда дефицит 42 млрд сомго чейин жетиши ыктымал экенин айткан. (TSh)
Дагы караңыз
Матраимовдордун доосу боюнча сот 11-декабрга калдыUSAIDдин «Кургак учукту айыктыруу» долбоору Кыргызстанга 6,7 млн. сомдук техникалык жардам көрсөттү Жапаровдун жыйынтыктоочу жыйыны«Азаттыктын» беларус кызматынын журналисти 15 күнгө камакка алынды