Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Ноябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 12:58

USAIDдин «Кургак учукту айыктыруу» долбоору Кыргызстанга 6,7 млн. сомдук техникалык жардам көрсөттү


Фтизиатрия боюнча улуттук борбордун жетекчиси Болот Майканаев (ортодо) жана USAIDдин «Кургак учукту айыктыруу» долбоорунун өкүлдөрү техникалык жардамды тапшыруу учурунда.
Фтизиатрия боюнча улуттук борбордун жетекчиси Болот Майканаев (ортодо) жана USAIDдин «Кургак учукту айыктыруу» долбоорунун өкүлдөрү техникалык жардамды тапшыруу учурунда.

USAID агенттигинин «Кургак учукту айыктыруу» долбоору Кыргызстандын кургак учукка каршы мекемелерине техникалык жардам көрсөттү. Бул тууралуу «Азаттыкка» 12-ноябрда аталган долбоордун басма сөз кызматы кабарлады.

Жалпысынан 6,7 миллион сомго 90го жакын компьютердик жабдык тапшырылды. Ноутбуктар, моноблоктор, сканерлер жана принтерлер түрүндөгү техника Чүй, Нарын, Баткен, Ысык-Көл облустарынын, Бишкек шаарынын кургак учукка каршы ооруканаларына жана Фтизиатрия боюнча улуттук борборго бөлүштүрүлүп берилет.

Жабдык кургак учукту дарылоо системасын санарипке өткөрүү, бейтаптарды тейлөө сапатын жакшыртуу, маалымат алмашууну өркөндөтүү, дарыгерлердин кесиптик деңгээлин жогорулатуу максатында тапшырылды.

Долбоор бул кызматты санариптештирүүнү техникалык жактан колдоо процессин улантууда. Колдоо медициналык маалыматтык системалардын (ММС) бүтүндөй топтомун иштеп чыгууну жана жайылтууну, кызматкерлерди алар менен иштөөгө үйрөтүүнү, тийиштүү компьютердик жабдыкты сатып алууну жана орнотууну камтыйт.

Быйыл жайында USAID агенттигинин «Кургак учукту айыктыруу» долбоору COVID-19 боюнча анализ жүргүзүүчү мамлекеттик лабораторияларга 12 комплект заманбап компьютердик жабдык тартууланган.

Кургак учук дүйнө жүзүндө өлүмдүн негизги он себептеринин бири болуп эсептелет.

Кыргызстанда бул ооруга кабылгандардын 70% эмгекке жөндөмдүү курактагылар. (RK)

XS
SM
MD
LG