Президенттин милдетин аткарып жаткан өкмөт башчы Садыр Жапаров бүгүн, 12-ноябрда жалпыга маалымдоо каражаттарына басма сөз жыйынын өткөрөт. Бул тууралуу президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмү кабарлады.
Жыйын 2021-жылдын 10-январына белгиленген президенттик шайлоого талапкерлерди каттоо аяктап бараткан учурда өткөнү жатат. Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) 14-ноябрда кечинде документтерди кабыл алууну токтотот.
Кыргызстанда 4-октябрда кезектеги парламенттик шайлоо өтүп, анын жыйынтыгына нааразы болгон он чакты саясий партия 5-октябрда Бишкекте митинг өткөргөн.
Митинг башаламандыкка айланып, кийин бийликтин алмашуусуна алып келди. Азыр президенттин милдетин башаламандык убагында тарапкерлери түрмөдөн бошотуп алган премьер-министр Жапаров аткарып жатат.
Ал келерки жылы өтө турган президенттик шайлоого катышарын, президенттин милдетин аткаруучу кызматын 14-ноябрда өткөрүп берерин айткан.
11-ноябрга карата Кыргызстанда мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоого катышуу үчүн Борбордук шайлоо комиссиясына (БШК) кайрылгандардын саны 16 киши болду. (BTo)
Дагы караңыз
Шайлоо мыйзамдары өзгөртүлдүНарындыктардын арызы, Жапаровдун убадаларыЖапаров: Баш мыйзамдын жаңы долбоору он күндө даяр болот«Eurasinet»: Кыргызстандын кен тармагы оор абалдаЭски жана жаңы бийликтин башын кошкон Эскерүү күнү