Литвага баш калка издеп келген чечендер кармалды

Иллюстрациялык сүрөт.

Литванын чек арачылары өлкөнүн түштүк-чыгышында Шальчининкай районундагы токойдо жүргөн, чек арадан мыйзамсыз өтүп келген 19 адамды кармады. Мамлекеттик чек араны кайтаруу кызматы алардын бешөө эркек, төртөө аял, ал эми калгандары жашы жете элек балдар экенин билдирди. Кармалган адамдар Литвага Беларус тараптан өтүп келгени белгилүү болду.

«Алар чечен улутундагы Орусиянын жарандары экенин айтышты. Колдорунда документтери, буюм-тайым салынган баштыктары болгон. Алар кылдат текшерүүдөн өткөндөн кийин, шектүү эч нерсе табылган жок», деп айтылат мекеме тараткан билдирүүдө.

Чек арада кармалгандар ошол замат бул өлкөдөн башпаанек сурашкан. «Кавказ.Реалии» сайты ушул тушта алардын тек-жайы текшерилип жатканын жазды.

Литванын чек арачылары аларды качкындар лагерине убактылуу жайгаштырды жана коронавируска тест тапшыргандан кийин кайсы жерде баш калкалап турары боюнча маселе чечилет. Кармалган чечен улутундагы Орусиянын жарандары тууралуу арыздарды караган Миграция департаментине маалымат берилди.

Укук коргоочулар жана активисттер Чеченстанда адам укуктары бузулган учурлар токтобой жатканын айтып жүрүшөт. Ушул жылдын июль айында АКШ адам укуктарынын олуттуу бузулушуна жол берген деген негизде чечен президенти Рамзан Кадыровду, анын жубайын жана кыздарын кара тизмеге киргизген.

Дагы караңыз

Кандай башкаруу формасы керек? Жапаровго даттанган адам, Өмүрзаковдун төгүндөөсү«Миллион долларлык келишим Кыргызстан үчүн кымбат»Cот реформасын тескеген Бекназаровдун талаштуу таасири Кыргыз киносун сынаган кризис