Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюму (ЕККУ) Беларус өкмөтүн эл аралык стандартка ылайык президенттик шайлоо өткөрүүгө чакырды. Уюм 9-августта Александр Лукашенко жеңип чыкканы айтылган шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарууну сунуш кылды.
Уюмдун баяндамачылары шайлоо жараянынын дээрлик бардык баскычында мыйзам бузуу болгонун жана адам укуктары тебеленгенин белгилешти.
ЕККУнун баяндамасы АКШга, Францияга жана Улуу Британияга таандык 17 талап менен даярдалып, 700 далилге негизделген.
Расмий Минск буга чейин баяндаманы даярдаган эксперттер менен кызматташуудан баш тарткан.
9-августтагы президенттик шайлоонун жыйынтыгында Лукашенко жеңгени жарыялангандан бери Минск баштаган бир катар шаарларда нааразылык акциялары токтой элек. Демонстранттар Лукашенконун кызматтан кетишин жана жаңы шайлоо өткөрүүнү талап кылууда.
Батыш мамлекеттери Лукашенкону легитимдүү президент катары тааныган эмес. (SE)
Дагы караңыз
ЕБ мүчөлөрү Лукашенко баштаган адамдарга санкция салууну макулдашты Беларус: 1-ноябрдагы оппозициянын жүрүшүндө 300дөй киши кармалдыБеларус бийлиги митинг учурунда асманга ок атканын моюнга алдыБеларус: «Демократия маршына» чыккандар кармалдыБеларус бийлиги ок атарын эскертти