Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 14:28

Беларус: 1-ноябрдагы оппозициянын жүрүшүндө 300дөй киши кармалды


Беларуста 1-ноябрда болгон жүрүш.
Беларуста 1-ноябрда болгон жүрүш.

Беларустун Ички иштер министрлиги 1-ноябрдагы оппозициянын жүрүшүнөн 300дөй киши кармалганын кабарлады. Министрлик укук коргоо кызматкерлери демонстраттарды таратыш үчүн кулак тундуруучу гранаталар жана желим октор колдонулганын билдирди.

«Минск шаары жана Минск облусунда массалык чогулуш боюнча мыйзамды бузганы үчүн 300гө жакын адам кармалды», деп айтылат ИИМдин «Телеграмм» каналында.

Кармалгандардын арасында төрт журналист бар экенин, алардын экөө «аёосуз сабалганын» Беларустагы Журналисттер ассоциациясынын башчысы Борис Горецский «Азаттыктын» Беларус кызматына билдирди.

1-ноябрда Беларустун борбору Минскиде оппозициянын «Террорго каршы жүрүшү» өткөн. Түмөндөгөн адамдар Минскинин борборунан шаардын жака-белиндеги сталиндик репрессиялардын курмандыктарын эскерүү жайына айланган Куропатыны көздөй жүрүш жасаган.

Бул өлкөдөгү нааразылык акциялары үч айга жакын убакыттан бери уланууда. 9-августта өткөн президенттик шайлоодо Борбордук шайлоо комиссиясы Александр Лукашенко алтынчы жолу президенттикке шайланганын жарыялаган соң оппозиция ага макул болбой, нааразылык акцияларын баштаган. Андан бери жекшемби сайын 100 миңдеген адамдардын катышуусунда акциялар өтүп келатат. Анын жүрүшүндө жүздөгөн адамдар кармалып, кыйноого кабылганы боюнча эл аралык уюмдар бир нече жолу билдирген.

30-октябрда Лукашенко оппозициянын акцияларынын катышуучуларына каршы күч колдонушу мүмкүн экенин айткан болчу.

XS
SM
MD
LG