Бишкекте маршрутка айдоочуларды жапырт эмдөө маселеси көтөрүлдү

Иллюстрациялык сүрөт.

5-ноябрда Бишкек шаарынын транспорт жана жер саясаты боюнча вице-мэри Азиз Алымкулов шаардагы жүргүнчүлөрдү тейлеген жеке фирмалардын жетекчилери менен жолукту.

Жолугушууда шаардагы эпидемиологиялык кырдаал талкууланды. Алымкулов коронавирус күчөп турган кезде маршрутка айдоочулары санитардык нормаларды сактап, беткап тагынып, жүргүнчүлөргө тазалык нормаларын эскертип турушу керек экенин белгиледи. Ошондой эле вице-мэр маршруткалардын жалпы абалы шаардын экологиясына терс таасирин тийгизип жатканын айтты.

Жеке фирмалардын жетекчилери маршрутканын айдоочуларын сасык тумоого каршы жапырт эмдөө маселесин көтөрүп, бул ишти шаардык санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борбору колго алышы керек деген сунуш айтышты.

Адистердин ачык булактардагы маалыматтарына караганда Бишкекте жүргүнчүлөрдү күнүнө күнүнө 2000дей чакан автоунаа (маршрутка), 250дөй автобус-троллейбус ташыйт. (BCh)

Дагы караңыз

Ысык-Көл: Мугалимдер жетекчиликке нааразыМинистр депутаттарды санитардык эрежени сактоодо үлгү болууга үндөдү Камчыбек Көлбаев №47 абакка которулдуОксфорд университети: коронавируска каршы вакцина жылдын аягына чейин даяр болушу мүмкүнКоронавирустан дагы төрт киши каза болду, 535 кишиге жаңы жукту