Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 07:45

Коронавирустан дагы төрт киши каза болду, 535 кишиге жаңы жукту


Октябрдын ортосунан тартып Бишкекте айрым күндүзгү стационарлар кайра иштей баштады.
Октябрдын ортосунан тартып Бишкекте айрым күндүзгү стационарлар кайра иштей баштады.

5-ноябрга карата COVID-19 оорусу өлкөдө 535 адамда жаңыдан табылды. Март айында Кыргызстанда биринчи оорулуу билингенден бери бул вируска 61 309 кыргызстандык чалдыкты.

Илдет жаңы аныкталгандар боюнча Бишкек шаары 151 киши менен биринчи орунда турат. Андан кийинки орундарда Чүй, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустары турат.

Вирустан бир сутка ичинде төрт киши каза болду. Март айынан бери жалпы каза болгондор 1167 адамга жетти. Стационардык дарыланууда 3430 адам бар, 3746 бейтап үйүндө дарыланып жатат. Октябрь айынан бери вирус күчөп жатат.

Саламаттык сактоо министрлиги буга токтобогон той-топурлар менен элдин массалык чогулуусу, санитардык нормалардын сакталбаганы себеп болуп жатканын билдирүүдө. Оксфорд университетинин божомолу боюнча Кыргызстанда жыл соңуна чейин коронавирустан төрт миңге жакын киши көз жумушу мүмкүн. (BCh)

XS
SM
MD
LG