Парламентте 6-октябрдагы окуяга саясий баа берүү жөнүндө демилге көтөрүлдү

Бишкектин борбордук аянты. 2020-жылдын 5-октябры.

Жогорку Кеңештин депутаты Үмбөталы Кыдыралиев 5-6-октябрдагы окуяларга саясий баа берилиши керек деп эсептейт. Ал мындай пикирин 5-ноябрдагы парламенттин жалпы жыйында айтып, спикерге комиссия түзүү жөнүндө сунуш менен кайрылды.

«Саясий баа берип койбойлубу. Анткени Интернетти карасаңар ар кандай топтор «революция болдубу же кандай акция болду» деп жатышат. Ошого да комиссия түзүп, саясий баа берип, эмне болгонун жыйынтыктап койсок болот», - деди депутат.

Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов депутатка «пикириңиз эске алынат» деп жооп берди.

4-октябрда өткөн кезектеги парламенттик шайлоонун баштапкы жыйынтыгына нааразы болгондордун митинги башаламандыкка айланып, өлкөдө бийлик алмашкан. Кумтөр кени боюнча маселе көтөрүп жүрүп соттолгон саясатчы Садыр Жапаров 6-октябрдагы окуялардан кийин түрмөдөн чыгып, алгач өкмөт башчы болуп шайланып, кийин президенттин милдетин аткара баштады. Экс-президент Сооронбай Жээнбеков өз ыктыяры менен кызматтан кеткен.

Дагы караңыз

«Foreignlobby.com»: Садыр Жапаровдун кызыкчылыгын израилдик чалгындоочу жеке компания сүрөйтБШК: Президенттикке талапкер болууга жети киши арыз бердиТүлөбаев Бишкекте тойканалар 15 күнгө жабыларын эскертти

Жогорку Кеңештин депутаттарын кайра шайлоонун датасы аныктала элек. Жаңы бийлик ага мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо жана конституциялык реформа өткөргөндөн кийин киришерин билдирүүдө. (TSh)