Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 07:56

Түлөбаев Бишкекте тойканалар 15 күнгө жабыларын эскертти


Бишкек мэринин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев.
Бишкек мэринин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев.

Бишкек мэринин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев шаарда коронавирус боюнча абал кооптуу экенин, тойканаларды 15 күнгө жабууну ойлонуп жатканын билдирди. Түлөбаев бул тууралуу «Фейсбуктагы» баракчасына жазды.

«Бүт шаарды коркунучка алып келдиңер. Шаарды кайра карантинге жаба албайбыз. Эл кыйналат. Тойкана ээлери, бул сөз силерге. Элдин ден соолугу менен ойноп атасыңар. 15 күнгө жабабыз. Жакында чечим чыгаралы деп ойлоп атабыз», деп жазды ал.

5-ноябрга карата COVID-19 оорусу дагы 535 адамдан табылды. Март айында Кыргызстанда биринчи оорулуу билингенден бери бул вируска 61 309 кыргызстандык чалдыкты.

Илдет жаңы аныкталгандар боюнча Бишкек шаары 151 киши менен биринчи орунда турат. Андан кийинки орундарда Чүй, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустары турат.

Вирустан бир сутка ичинде төрт киши каза болду. Март айынан бери жалпы каза болгондор 1167 адамга жетти. Стационардык дарыланууда 3430 адам бар, 3746 бейтап үйүндө дарыланып жатат. 528 киши оорудан бир суткада айыкты. Октябрь айынан бери вирус күчөп жатат.

Саламаттык сактоо министрлиги буга токтобогон той-топурлар менен элдин массалык топтолушу, санитардык нормалардын сакталбаганы себеп болуп жатканын билдирүүдө. Оксфорд университетинин божомолу боюнча Кыргызстанда жыл соңуна чейин коронавирустан төрт миңге жакын киши көз жумушу мүмкүн. (TSh)

XS
SM
MD
LG