«Манас: документтер жыйнагы» аттуу китеп жарык көрдү

Бишкектеги китепканалардын бири.

5-ноябрда Улуттук илимдер академиясында «Манас: документтер жыйнагы» аттуу китептин бет ачары болот. Бул китеп менен чогуу 2015-2020-жылдар аралыгында чыккан китептердин көргөзмөсү уюштурулууда.

Жаңы чыккан китепке «Манас» эпосуна байланышкан документтер, кол жазмалар топтолгон. Китепти Чыңгыз Айтматов атындагы Тил жана адабият институту чыгарды. Жыйнактын өзөгүн Улуттук илимдер академиясынын архивинде жана Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институтунун Кол жазмалар фондунда сакталып турган документтер түздү.

Мындан сырткары президенттин архивинде, Мамлекеттик архив кызматында сакталган документтер топтолгон.

Жыйнак Улуттук илимдер академиясынын Ч. Айтматов атындагы тил жана адабият институтунун академик А. Акматалиев жетектеген окумуштуулар тобу тарабынан даярдалып, коомчулукка тартууланууда. (BCh)

Дагы караңыз

Жапаровго даттанган адам, Өмүрзаковдун төгүндөөсүЖапонияда куш тумоосуна каршы чара көрүлө баштады АКШ: Байден алдыда, Трамптын штабы добуштарды кайра саноону талап кылды Курсан Асанов үй камагына чыгарылды