Косовонун парламентинин мурдагы төрагасы Якуп Красничи кармалып, Гаагадагы тергөө изоляторуна камалды. Бул тууралуу 4-ноябрда Косовонун Атайын прокуратурасы билдирди.
Мекеме Красничи аскердик кылмыштарга тиешеси бар деп шек саналып жатканын, аны кармоодо косоволук полицияга функционалдык жана материалдык-техникалык жардамды Европа Биримдигинин мыйзам үстөмдүгү боюнча миссиясынын кызматкерлери көрсөткөнүн айтууда.
Красничи Косовонун Боштондук армиясынын басма сөз катчысы болуп, кийин өлкө өзүн республика деп жарыялагандан кийин парламент төрагалыгына келген. 2011-жылы президенттин да милдетин аткарып турган. Ал буга чейин 2019-жылдын июль айында суракка алынган.
1998-1999-жылдары Косово Сербиядан бөлүнүп чыгыш үчүн күрөшкөн. Эки жылга созулган согуш НАТОнун аскерлери кийлигишкенден кийин токтогон. (RK)
Дагы караңыз
Косово менен Сербия «тарыхый келишимге» кол койгону жарыяланды Косово менен Сербиянын лидерлери сентябрда Вашингтондо жолугушатКосовонун президенти Гаагадагы сотто көрсөтмө бердиСербия менен Косовонун лидерлери жарашуу тууралуу сүйлөштү Косовонун президенти Хашим Тачи Гаагада сурак берет