Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 09:45

Косовонун президенти Гаагадагы сотто көрсөтмө берди


Косовонун президенти Хашим Тачи. 11-июнь, 2020-жыл.
Косовонун президенти Хашим Тачи. 11-июнь, 2020-жыл.

Косовонун президенти Хашим Тачи Гааганын аскер сотунда төрт күнгө созулган суракта 22 жыл мурда кылган аракеттерин коргой алды. Ал 18-июлда сурактан чыгары менен кайрылуу жасап, Гаага сотунун чындыкка жетүү аракетин урматтай турганын, бирок ошол согушта Косовонун эркиндиги үчүн күрөшкөнүн айтты.

1998-1999-жылдары Косово Сербиядан бөлүнүп чыгуу үчүн күрөшкөн. Эки жылга созулган согуш НАТОнун аскерлери кийлигишкенден кийин токтогон.

Косовонун президенти Хашим Тачи ошол согушта адам өлтүрүүгө шектүү катары Гаага сотуна биринчи жолу 2018-жылы чакырылган. Ал кезде Хашим Тачи премьер-министр болчу.

Тачи шектүү катары тергөөгө чакырылары менен өкмөт башчы кызматын тапшырып берген эле. Бирок көп өтпөй президент болуп шайланган.

XS
SM
MD
LG