Евробиримдик Лукашенкого жана 14 беларус аткаминерине каршы санкция жарыялады

Александр Лукашенко.

Европа Биримдигинин элчилери Беларустун президенти Александр Лукашенкого жана августтагы президенттик шайлоонун жыйынтыгын бурмалоо үчүн шектүү болгон 14 беларус аткаминерине каршы санкция жарыялоо тууралуу чечим кабыл алышты. Аларга Евробиримдиктин аймагына кирүүгө тыюу салынып, активдери камакка коюлат.

Уюмдун бул тууралуу чечими 6-ноябрда расмий жарыяланары айтылды.

Баш калаа Минскиде жана башка ири шаарларда шайлоонун жыйынтыгына нааразы болуп чыккан элдин митингдери 9-августтан бери уланууда. Шайлоодо азыркы башчы Лукашенко жеңгени жарыяланган. Бирок митингчилер добуш берүүнүн жыйынтыгы бурмаланган деп эсептеп, анын кызматтан кетишин талап кылып жатышат.

Батыш өлкөлөрү Лукашенконун легитимдүүлүгүн тааныган жок. Буга чейин Европа он чакты беларус саясатчысына каршы санкция киргизген. (RK)

Дагы караңыз

Беларус: 1-ноябрдагы оппозициянын жүрүшүндө 300дөй киши кармалдыЛукашенко Кыргызстандагыдай элдик кошуундарга муктаждык тууралуу айттыБеларуста ички иштер министри алмаштыБеларус бийлиги ок атарын эскерттиБеларуста иш таштоо башталды