Чүй облусунда гранатометтор катылган жай табылды

Иллюстрациялык сүрөт.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) басма сөз кызматы 3-ноябрда Чүй өрөөнүнөн РПГ-18 үлгүсүндөгү эки гранатомет катылган жай табылганын кабарлады.

Маалыматка караганда, курал-жарак жашыруун сакталган жер Ички иштер министрлиги менен жүргүзүлгөн издөө иштеринин натыйжасында табылган.

Факт Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 253-беренеси («Куралды, ок-дарыларды мыйзамсыз жүгүртүү») менен катталды.

Курал сактагандарды табууга багытталган иш-чара уланып жатканы кабарланды. (BCh)

Дагы караңыз

АКШнын бир катар штаттарында добуш саноо уланууда«Республика - Ата Журт» фракциясы депутат Талант Мамытовдун талапкерлигин төрагалыкка көрсөттү Зулушев: Асылбек Жээнбековго кылмыш иши козголгон жокЗулушев: Башкы прокуратура саясатка аралашпайтТендердик комиссиянын мүчөсү Расул Умбеталиев кармалганы кабарланды