Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 06:36

«Республика - Ата Журт» фракциясы депутат Талант Мамытовдун талапкерлигин төрагалыкка көрсөттү


Талант Мамытов, Жогорку Кеңештеги «Республика - Ата Журт» фракциясынын мүчөсү.
Талант Мамытов, Жогорку Кеңештеги «Республика - Ата Журт» фракциясынын мүчөсү.

«Республика - Ата Журт» фракциясы өзүнүн мүчөсү Талант Мамытовду Жогорку Кеңештин талапкерлигин төрагалык кызматка көрсөттү. Фракциянын төрагасы Жыргалбек Турускулов парламенттин 4-ноябрдагы отурумунда ушундай сунуш киргизди.

Ушул эле күнү парламенттин төрагасы Канатбек Исаев кызматынан кетерин жарыялаган. Муну саясатчы өзү жетектеген «Кыргызстан» саясий партиясы анын талапкерлигин президенттикке көрсөтүп жатканы, бул сунушту кабыл алганы менен негиздеди. Өткөн аптада Канатбек Исаевди төрагалыктан кетирип, ордуна Талант Мамытовду коюу боюнча депутаттар кол топтоп жатканы кабарланган.

Талант Мамытов - президенттин милдетин аткарып жаткан премьер-министр Садыр Жапаровдун саясаттагы эң жакын үзөңгүлөштөрүнүн бири. Ал төрага болуп калса жана президенттин милдетин аткарып жаткан премьер-министр Садыр Жапаров президенттикке талапкер болсо, анын ордуна президенттин милдетин аткарып калат.

10-декабрда өтө турган президенттик шайлоого талапкер катары катышарын Садыр Жапаров, Адахан Мадумаров, Бектур Асанов баштаган алты саясатчы буга чейин билдирген.

Канатбек Исаев төрага болуп 13-октябрда, Садыр Жапаров президенттин милдетин аткаруучу болуп 15-октябрда бекитилген. (BCh)

XS
SM
MD
LG