Талант Мамытов атасы алган насыя боюнча дооматтарга жооп берди

Талант Мамытов, Жогорку Кеңештеги «Республика - Ата Журт» фракциясынын мүчөсү.

Жогорку Кеңештин депутаты Талант Мамытов атасы Турдумамат Мамытов алган насыя боюнча «Азаттыктын» суроолоруна жооп берди. Эл өкүлүнүн айтымында, бардыгы мыйзам чегинде болгон жана насыя кайра төлөнүп берилген.

«Бул боюнча соттун чечимдери бар. Учурунда атам насыя алган, 2010-жылдан кийин июнь окуялары болуп кетип, көптөгөн бизнес жабыркады. Ошол кезде атам ишкерлик менен алек болгон. Мен оппозициялык көз карашта болгондуктан, бизге да бут тосуу болгон. Насыя төлөнгөн, соттун чечимдери бар», - деди Мамытов.

Дагы караңыз

Талант Мамытов атасына алып берген миллиондордун чуусу «Республика - Ата Журт» фракциясы депутат Талант Мамытовдун талапкерлигин төрагалыкка көрсөттү

Талант Мамытовдун атасы Турдумамат Мамытов алган насыя тууралуу маалыматты жана айрым сот кагаздарын ушул тушта АКШда жашап жаткан кыргызстандык адвокат, эл аралык юрист Динара Муканбаева «Фейсбуктагы» барагына жарыялады. Ага ылайык, 2009-жылы ноябрда уулунун кепилдиги менен Турдумамат Мамытов «АзияУниверсалБанктан» ири өлчөмдө насыя алган.

2010-жылы апрель ыңкылабы болуп, «АзияУниверсалБанк» банкрот деп табылган, кийинчерээк мамлекетке өткөрүлгөн. Юрист Муканбаева колундагы материалдарга таянып, Мамытовдордун үй-бүлөсү бул жагдайды пайдаланып, банкка карызын төлөбөй коюунун айла-амалын кылганын айткан.

Улуттук банкка караштуу Банктарды жоюу боюнча агенттик (DEBRA) Турдумамат Мамытов алган насыя боюнча сотко алты жылдан кийин, 2016-жылы июнь айында кайрылган. Жалал-Абад облусундагы район аралык сот «банк аласасын үч жыл доолабаса ал кайтарылбайт» деген Жарандык кодекстин беренесине таянып, бул доо арызды канааттандырган эмес. DEBRA Жогорку сотко чейин арызданган, бирок анын баарында Турдумамат Мамытовдун пайдасына чечим чыккан. (TSh)