Садыр Жапаров: Кыргызстан Түркмөнстан болбойт (видео)

Садыр Жапаров Жалал-Абадда эл менен жолугушууда.

Жалал-Абад облусунда иш сапары менен жүргөн президенттин милдетин аткаруучу, өкмөт башчы Садыр Жапаров эл менен жолугушууда суроолорго жооп берди.

Суроо-жооп учурунда ал: «Кыргызстан эч качан Түркмөнстандагыдай болбойт. Айрым саясий күчтөр оозуна алы жетпей ушинтип айтып жатат. Оппозициялык күчтөрдү бийликке тартып жатам», - деди.

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Жапаровдун Конституция, "үчүнчү күчтөр" жана кадрлар тууралуу пикири


21-октябрда Жогорку Кеңештин депутаты, «Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев парламент шайлоолорду өз убагында өткөрүү маселесин чечип бериши зарыл деп эсептей турганын билдирген. «Конституцияны уруп ойнобойлу, «элдин талабы» деген талапка жамынып өткөрбөй коёлу да, накта президенттик бийлик формасын жасайлы деген тарап. Эгер ошол система кирсе, бизде Өзбекстан же Казакстан эмес, Түркмөнстан болот. Түркмөнстандын парламентиндей болуп жүгүнүп кол чаап турасыңар! Бар, арабызда жүгүнүп кол чаба тургандар. Ийилип кол чабасыңар. Келет ал. Келип жатат. Каалоочулар айтып жатат. Эл-журт, парламент, тандагыла!» - деген эле ал.

3-ноябрда Жапаров Жалал-Абад облусунун эли менен жолуккан соң 4-ноябрда Ала-Бука районунун Көк-Серек жана Көк-Таш айыл аймактарынын эли менен жолугат.

Андан соң премьер-министр Садыр Жапаровдун түштүктөгү кыдыруусу жыйынтыкталат. (TB)

Дагы караңыз

Султангазиев: Пандемия маалында чоңдор элди чогултуп жатканы абдан туура эмесСадыр Жапаров: бардык соккуну өзүмө алып Жээнбековго макам берүүгө кол койдумСадыр Жапаров: Парламенттик шайлоо башкаруу системасы алмаштырылгандан кийин өтөт (видео)Садыр Жапаров: Реформа боюнча Конституциялык кеңешме түзүлөт (видео)Жапаров: долбоордо парламенттин жарымы бир мандаттуу, жарымы партиялык система менен деп жазылды