Садыр Жапаров: Реформа боюнча Конституциялык кеңешме түзүлөт (видео)

Садыр Жапаров. Ош.

Президенттин милдетин аткарып жаткан премьер-министр Садыр Жапаров 3-ноябрда Ош шаарында эл менен жолугушуу учурунда конституциялык реформалардын долбоору даяр болуп калганын билдирди. Жапаров «бийликти узурпация кылууда» деген саясий атаандаштарынын дооматтарын четке кагып, «бардык өзгөртүүлөр ачык-айкын өтөт» деп айтты:

«Конституциялык реформаларга барабыз деп долбоорлорду даярдадык. Бут тосуу абдан күч. «Бийликти узурпация кылганы жатат, Түркмөнстан болгону жатат, Конституцияны жабык эшик артында даярдап жатышат» деп сындашууда. Эч кандай жабык даярдалган жок жана даярдалбайт дагы. Бардыгы коомчулуктун талкуусуна чыгат. 10-15 күндүн ичинде даяр болсо Конституциялык кеңешмеге же Жогорку Кеңешке алып чыгабыз. Биз Жогорку Кеңеште кабыл алсак тез болобу деп ойлогонбуз. Өкмөттүк эмес уюмдар «Жогорку Кеңеш 28-октябрдан баштап мөөнөтү бүттү, карай албайт» деген ой-пикирин айтып жатышат. Ошондон улам Конституциялык кеңешме түзүп туруп, ошого беребиз. Конституциялык кеңешмеге өкмөттүк эмес уюмдардан баштап кызыккан адамдардын баарын киргизебиз. Кеңешменин отуруму түз эфирде берилип турат. Коомчулукта талкуу кылып, анан референдумда кабыл алып берсеңер».

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Жапаровдун Конституция, "үчүнчү күчтөр" жана кадрлар тууралуу пикири


22-октябрда Жогорку Кеңеште Конституцияны өзгөртүү жана президенттик, парламенттик шайлоолордун мөөнөтүн жылдыруу жөнүндө мыйзам долбоору жыйынга катышкан 84 депутаттын 83үнүн макулдугу менен дароо үч окууда кабыл алынган. Мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин кароосуна ушул күнү келип түшкөн.

Бул шашылыш кабыл алынган документке ылайык, конституциялык реформаны өткөрүү аяктаганга чейин парламенттик кайра шайлоо өткөрүлбөйт. Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо 2021-жылдын 1-июнунан кеч эмес дайындалышы керек.

«Реформа» партиясы парламент 22-октябрда кабыл алган «Кыргызстандын президентин жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө» мыйзамдын айрым ченемдерин колдонууну токтото туруу жөнүндө мыйзамга каршы Конституциялык палатага кайрылган. Конституциялык палата кайрылууну кабыл алып, аны кароого даярдык жүрүп жатканын билдирди.

4-октябрда Кыргызстанда кезектеги парламенттик шайлоо өткөн. Андагы массалык добуш сатып алууга жана административдик ресурска каршы чыгып, 5-октябрдан тартып өлкөдө ири нааразылык акциялары башталган. Ошондон кийин БШК анын баштапкы жыйынтыгын жокко чыгарып, Жогорку Кеңешке кайра шайлоону 20-декабрга белгилеген.

2-ноябрда Жапаров Баткен облусун кыдырып, инфратүзүмдүк объектилердин курулушун көрүп, облустун активи менен жолукту. Ал өлкөдөгү саясий абал, чек ара маселелери, коронавирус эпидемиясы жана коррупцияга каршы жүрүп жаткан аракеттер тууралуу маалымат берди. 3-ноябрда Жапаров Жалал-Абад облусуна да барат. (TSh)

Дагы караңыз

Президенттик шайлоонун калыс өтөрү суроо жаратты Бабанов: Конституциялык кеңешмеге саясий куугунтук көргөндөр да кирсе туура болотЖапаров: долбоордо парламенттин жарымы бир мандаттуу, жарымы партиялык система менен деп жазылды Жапаров коррупциянын жоюлбаганын Баш мыйзамга байлады Токтогазиева: Авторитардык режимге жол ачылуудаЧукул реформанын максаты жана кесепети