Президенттик шайлоого катышуу үчүн дагы үч адам арыз берди

Назарбек Нышанов, Кубан Чороев жана Арстанбек Абдылдаев.

31-октябрда Назарбек Нышанов, Кубан Чороев жана Арстанбек Абдылдаев президенттик шайлоого катышуу ниетин билдирип, Борбордук шайлоо комиссиясына (БШК) арыз берди. БШК билдиргендей, үч жаран тең өзүн-өзү көрсөтүштү.

Назарбек Нышанов «Лига-Антикризис» коомдук бирикмесинин президенти, мурда да президенттикке өзүн көрсөтүп, бирок талапкер болуп катталбай калган.

Кубан Чороев - «Байыркы көчмөн цивилизациясы» тарыхый-маданий мурасты жана рухту кайра жаратуу коомдук фондунун жетекчиси, экономикалык эксперт.

Арстанбек Абдылдаев - «Аурдин» компаниясынын директору, коомчулукта динге байланыштуу бир катар билдирүүлөрү менен таанымал. Абдылдаев мурда президенттикке ат салышкан.

30-октябрда «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын лидери Адахан Мадумаров да президенттик шайлоого катышуу үчүн БШКга арыз берген. Саясатчы партиянын атынан эмес, өзүн-өзү көрсөтүү жолу менен баратканын билдирген.

Дагы караңыз Президенттикке талапкерлер көрсөтүлө баштады

Кыргызстанда 4-октябрда кезектеги парламенттик шайлоо өтүп, анын жыйынтыгына нааразы болгон он чакты саясий партия 5-октябрда Бишкекте митинг өткөргөн. Митинг башаламандыкка айланып, кийин бул окуя бийликтин алмашуусуна алып келген. Азыр президенттин милдетин башаламандык убагында тарапкерлери түрмөдөн бошотуп алган премьер-министр Садыр Жапаров аткарып жатат.

Жапаров президенттик шайлоого катышарын 26-октябрда жарыялаган. Ал азырынча БШКга арыз бере элек.

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоону келерки жылдын 10-январына белгилеген. (ErN)

Дагы караңыз

Курсан Асановдун тарапкерлери аны абактан чыгарууну талап кылышты (видео)УКМК Ташиевдин Жапаровду камоо тууралуу жазганын төгүндөдүПольшада абортко тыюу салган чечимге каршы митинг кагылышуу менен аяктадыСаясий кризистеги соттордун кайдыгерлигиГрузияда парламенттик шайлоо өтүп жататПрезиденттикке талапкерлер көрсөтүлө баштады