Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 14:05

Польшада абортко тыюу салган чечимге каршы митинг кагылышуу менен аяктады


Польшада абортко тыюу салган чечимге каршы митингдер. 30-октябрь, 2020-жыл.
Польшада абортко тыюу салган чечимге каршы митингдер. 30-октябрь, 2020-жыл.

Польшада абортко тыюу салган чечимге каршы 30-октябрь, жума күндүн кечинде болгон нааразылык акциялары полиция менен кагылышууга чейин жетти. Акциянын уюштуруучулары башаламандыктарды мыйзамды жактаган улутчулдар жана футбол фанаттары чагым катары чыгарганын айтып жатышат.

Акция учурунда кеминде 40тай адам кармалганы кабарланды.

Митингдер Варшаванын үч районунда бир убакта өттү. Ага жалпы 100 миңден ашык адам катышканы айтылды.

Демонстранттарды азыркы президент Анжей Дуданын каршылашы, борбор калаанын мэри Рафал Тшасковский да колдоп чыкты. Ал акцияга чыккандар менен чогуу башкаруучу партиянын лидери Ярослав Качинскийдин үйүнө чейин жүрүш менен барды. Качинский абортко тыюу салган мыйзамдын авторлорунун бири.

Октябрда Польшанын Конституциялык соту түйүлдүк кезинде кемтиги аныкталгандарды аборт кылууну мыйзамсыз деген чечим чыгарган. Мурдараак бардык аборттор ушул себеп менен жасалганы кабарланган. Эми Польшада эненин саламаттыгына коркунуч жаралганда жана аял зордукталгандан кийин боюна бүткөн учурда гана бойдон алдырууга уруксат берилет.

Польшада аборт кылууга тыюу салган чечим парламенттин бир катар депутаттары сотко кайрылгандан кийин кабыл алынган. Депутаттар Конституциянын 30-беренесине таянып, «түйүлдүктө жаткандан баштап адам өмүрүн алууга эч кимдин укугу жок» деген жүйө келтирген. Бийликчил «Мыйзам жана адилеттик» партиясынын мүчөлөрү бул демилгени колдоп, абортко каршы экенин айтып келишет.

Буга байланыштуу нааразылыктар бир нече күндөн бери өтүп келе жатат. (ErN)

XS
SM
MD
LG