ЖАМК: Жабык жайларда коронавирустун алдын алуу иштери жолго коюлган

Абактын чек арасы. Иллюстрациялык сүрөт.

Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы (ЖАМК) Акыйкатчы институтунун, Кыйноонун алдын алуу боюнча улуттук борбордун жана «Бир дүйнө Кыргызстан» коомдук уюмунун пандемия шартындагы жабык мекемелердеги абал тууралуу берген маалыматтарына жооп кайтарды.

Мекеменин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, COVID-19 пандемиясы башталгандан бери анын алдын алуу максатында бардык тиешелүү чаралар көрүлүп келет.

1-майда ЖАМКтын тергөө абактарында өзгөчө режим шарттары киргизилген. Башкы прокуратуранын макулдугу менен киргизилген өзгөчө режимде тергөө абактарында отургандардын жакындары, башка мамлекеттик органдардын, өкмөттүк эмес жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү менен жолугушууларга чектөө киргизилген.

Билдирүүдө: «Ошондой эле соттолгондордун арасында коронавируска чалдыккандардын көптүгү тууралуу маалыматтар чындыкка дал келбейт. Сасык тумоо жана башка дем алуу органдарынын вирусуна чалдыккандар милдеттүү түрдө ПЧР анализ тапшырып, рентген изилдөөдөн өткөрүлүп турат. Пневмонияга кабылгандар Саламаттык сактоо министрлиги бекиткен алгоритм менен дарыланды», деп жазылган.

ЖАМКтын маалыматына караганда, быйыл жабык мекемелерде өпкөсү кагынып төрт адам, коронавирус инфекциясынан улам эки адам каза болгон.

Кыйноонун алдын алуу боюнча улуттук борбор, Акыйкатчы институту жана «Бир дүйнө - Кыргызстан» уюму чогуу жүргүзгөн иликтөө Кыргызстандагы жабык жайларда пневмониянын симптомдору 1000ден ашык адамдан байкалганын аныктаган. Бул тууралуу 28-октябрда аталган уюмдардын жетекчилери Бишкекте атайын басма сөз жыйынында билдиришти. Алардын маалыматына карганда, иликтөөдө 47-колонияда 1000ге жакын адам пневмония менен кайрылганы жана алты адам каза болгону жазылган. 22 адам ПЧР тестин тапшырган.
Кыйноонун алдын алуу борборунун жетекчиси Бакыт Рысбеков жабык мекемелердеги абал көз жаздымда калганын билдирген. (ZKo)

Дагы караңыз

Шайлоонун мөөнөтү талашка түштүТемирбаевди бошотуу «апрелчилерди» ыза кылдыОрус дарыгерлеринин айласы кеттиКарабак чатагын чечүү боюнча аракеттер башталдыАлмазбек Атамбаев ачкачылыгын токтоттуПарламентте Садыр Жапаров жетектеген өкмөттүн курамы ант берди (видео)Дүйшөбаев: Куралдуу күчтөрдүн кызматкерлери августтан бери айлык ала элекПарламент Исмаилованын талапкерлигин жактырган жок«Апрелчилер» Нурлан Темирбаевдин түрмөдөн бошотулушуна нааразылык билдиришти