Ооганстанда "Аль-Каиданын" лидерлеринин бири өлтүрүлдү

Ооганстандын Улуттук кооопсуздук башкармалыгы Аль-Масри Газни провинциясында атып өлтүрүлгөнүн жазды

Ооганстандын коопсуздук күчтөрү "Аль-Каида" террордук тобунун жогорку даражалуу лидерлеринин бири Абу Мухсина ал-Масрини жок кылды. Ишембиде Ооганстандын Улуттук кооопсуздук башкармалыгы "Твиттердеги" баракчасына Ал-Масри бул топто №2 лидер болгонун, аны атайын даярдыктагы жоокерлер Газни провинциясында атып өлтүргөнүн жазды. Бирок окуя кайсы күнү болгонун тактаган жок.

Египеттин жараны Ал-Масри ошондой эле Хусам Абд-ал-Рауф деген ысым менен белгилүү болчу. Ал террордук топторду колдоп, америкалык жарандарга кол салуу максатында кутум уюштурганы үчүн Кошмо Штаттардын Федералдык иликтөө бюросунун (ФБР) эң көп изделген жоочулардын тизмесине кошулган жана аны камоо тууралуу ордер 2018-жылы берилген.

Ал-Масринин өлтүрүлүшү Катарда ооган өкмөтү менен "Талибандын" дээрлик 19 жылга аяк баскан согушту токтотуу үчүн сүйлөшүп жаткан маалга туш келди. Ооганстандын ички иштер министри Масуд Андараби 25-октябрда Масринин өлүмү "Талибан" менен "Аль-Каиданын" мамилесинин көрсөткүчү деп айтты, бирок толугурак түшүндүрмө берген жок.

Ал "Твиттердеги" баракчасына "Улуттук коопсуздук башкармалыгынын "Аль-Каиданын" негизги башчыларынын бири Ал-Масрини өлтүрүшү "Талибандын" ооган өкмөтүнө жана элине каршы иш кылган террорчул топтор менен тыгыз байланышынан кабар берет", деп жазды.

Дохада оогандардын ич ара тынчтык сүйлөшүүлөрү өткөн айда башталган, бирок жоочулардын кол салуусу, чабуулу токтой элек.

Талибдер "Аль-Каида" менен байланышын үзөр-үзпөсү азырынча белгисиз. Өткөн айда АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео Ооганстанда аталган террордук топтун кеминде 200 жоочу бар экенин билдирген.

«Талибан» кыймылы 2001-жылы АКШ баштаган күчтөр өлкөгө келгенге чейин бийликте турган. Талибдер ошол жылы 11-сентябрда АКШда террордук чабуулдарды уюштурган «Аль-Каида» кыймылына колдоо көрсөтүүнү токтотуудан баш тарткан соң бийликтен кулатылган.

Дагы караңыз

БШК президенттик шайлоонун мөөнөтүн белгиледиМосква Бишкектин мыйзам нугуна кайтышын күтөтТоктогазиева: Авторитардык режимге жол ачылуудаCOVID-19: Жалал-Абаддагы жан айласы