Коронавирустан дагы төрт бейтап өлдү, 556 кишиден жаңы табылды

Коронавируска каршы күрөш боюнча республикалык штабдын 24-октябрдагы маалыматына караганда, акыркы бир суткада COVID-19 вирусунан жана пневмониядан дагы төрт бейтап каза болду.

Алар Бишкек шаарында, Ош, Чүй, жана Баткен облустарында катталды. Ушуну менен COVID-19 илдетинен көз жумгандардын саны 1130га жетти.

Акыркы суткада 556 адамдан вирус жаңыдан табылды. Мурда ооругандардын 287си айыкты.

Оору жугузгандардын аймактардагы эсеби:

  • Бишкек шаарында - 149;
  • Баткен облусунда – 86;
  • Жалал-Абад облусунда - 83;
  • Ош облусунда - 75;
  • Чүй облусунда - 67;
  • Ысык-Көл облусунда – 35;
  • Ош шаарында – 34;
  • Талас облусунда - 23;
  • Нарын облусунда - 4 киши.

Кыргызстанда марттан бери вирус жугузуп алгандардын расмий эсеби 55144 адамды түздү. Алардын арасынан 47 337 бейтап айыгып чыкты.

Статистика боюнча учурда вируска чалдыккан 3300 бейтап стационарда, калганы үй шартында дарыланып жатат.

2019-жылдын декабрында Кытайдын Ухань калаасынан чыккан вирус 188 өлкөгө тарады.

АКШдагы Жон Хопкинс университетинин маалымат базасы көрсөткөндөй, 24-октябрга карата дүйнөдө коронавирус жуккандардын саны 42 миллион 148 миңден ашты. Алардын 1 миллион 143 миңден көбү жашоо менен кош айтышты. 28 миллион 484 миңден ашуун бейтап айыкты.

АКШда оорулуулар сегиз миллиондон, Индияда жети миллиондон, Бразилия беш миллиондон ашты. Орусияда, Аргентинада, Испанияда, Францияда миллиондон көп. (SE)

Дагы караңыз

Бобомурод Абдуллаев өзүнө ачылган кылмыш иши токтотулганын билдирдиБШКда тинтүү болуп жатканы кабарландыБорбор Азия лидерлеринин Кыргызстанда пландалган саммити Түркмөнстанда өтүшү мүмкүн Алишер Саипов өлтүрүлгөндөн бери 13 жыл өттүПарламенттик шайлоого катышуу ниетин 25 партия билдирди