Иманалиев: Кыргызстанды Африканын артта калган өлкөлөрүнө теңегиси келгендер Конституцияны өзгөртүүнү сунуш кылууда

Каныбек Иманалиев. Архивдик сүрөт.

Жогорку Кеңештин «Ата Мекен» фракциясынын депутаты Каныбек Иманалиев Баш мыйзамды өзгөртүү боюнча демилгени өлкөнүн конституциялык түзүлүшүнө каршы сокку уруу аракети катары баалап жатат. 22-октябрда «Азаттыктын» суроолоруна жооп берип жатып ал азыркы чакырылыштагы парламент конституциялык реформа жүргүзүүгө мыйзамдык убактысы да, моралдык жана юридикалык укугу да жок экенин айтты.

Иманалиев парламенттик кайра шайлоо мөөнөтүн Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) аныктаганын, мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо күнүн да ошол орган аныктай турганын, азыркы чакырылыш шайлоо эрежелерин өзгөртүү тууралуу мыйзамды гана кабыл алып берип, кетиши керек экенин белгиледи.

Депутат Конституцияда Жогорку Кеңеш беш жылга шайланары жазылып турганын, азыркы чакырылыштын мөөнөтү 28-октябрда бүтөрүн кошумчалады:

«Булар сунуш кылган варианттын долбооруна ылайык, «ушул Жогорку Кеңештин ыйгарым укуктары 2021-жылдын май айына чейин уланат» деп жатышат. Бул Конституцияга каршы келет. Конституция императивдик укукка ээ – бул ушул жерде, Кыргызстанда азыр ушул Конституция гана иштейт деген сөз. Булар мыйзам менен ошол Конституцияны жокко чыгарып жатышат. Дүйнөдө юриспруденциянын тарыхында андай жок. Боршайком кечээ Конституцияга негизденип парламенттик шайлоону 20-декабрга дайындады. Эң туура. Булар алардын артынан мыйзам чыгарып, кабыл алынган мыйзамды жокко чыгаралы деп жатышат. Эл бизди «таркагыла, ишеним бүттү» деп жатат. Бизге дагы сегиз ай калып, жаңы Конституцияны кабыл алууга ким укук берди?»

Иманалиев акыркы он жыл аралыгында дүйнөдө парламенттик өлкөдөн кайра президенттикке өткөн үч гана мамлекет – Уганда, Сенегал жана Гана өлкөлөрү экенин айтып, Конституцияны өзгөртүү боюнча референдумга үндөп жаткандарды «Кыргызстанды өнүгүшү эң артта калган ошол Африка өлкөлөрүнө теңейбиз дегендер» деп атады.

Кыргызстанда 4-октябрда өткөн кезектеги парламенттик шайлоонун аягы чуу менен коштолуп, анын баштапкы жыйынтыгы жокко чыгарылган. Азыр президенттин милдетин премьер-министр аткарып жатат, парламенттин мөөнөтү аяктап баратат. БШК 21-октябрда парламенттик кайра шайлоону 20-декабрга белгилеген.

Бүгүн парламентте бул эки шайлоону Конституцияга өзгөртү киргизүү боюнча референдум өткөрүп алып, анан уюштуруу тууралуу мыйзам долбоору иштелип чыкканы белгилүү болду. Анын демилгечилери Кыргызстандын 4-октябрдагы окуядан кийинки коомдук-саясий абалын, экономикалык оор кырдаалын, азыр парламенттик да, президенттик да шайлоону өткөрүүгө шарт жоктугун жүйө келтирип жатышат. (RK/TSh)

Дагы караңыз

Парламенттик кайра шайлоо кийинки жылга калдыШайлоону Конституцияны өзгөрткөндөн кийин өткөрүү боюнча долбоор парламент комитетинде колдоо таптыТекебаев: Президенттик шайлоо 10 же 17-январда өтөт, парламенттик шайлоо мөөнөтү өзгөрүшү ыктымалМамытов: Конституцияны өзгөртүү жана парламенттик кайра шайлоону токтото туруу боюнча сунуштар иштелип чыктыСулайманов: 20-декабрга белгиленген парламенттик кайра шайлоо мөөнөтү өзгөрүшү мүмкүнТекебаев: Президенттик система кирсе Түркмөнстан болобуз (видео)