Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 14:13

Шайлоону Конституцияны өзгөрткөндөн кийин өткөрүү боюнча долбоор парламент комитетинде колдоо тапты


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда президентти жана парламентти шайлоо боюнча конституциялык мыйзамдын айрым нормаларын токтото туруу жөнүндө мыйзам долбоору иштелип чыкты. 22-октябрда ал Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана парламенттин регламенти боюнча комитетинде үч окууда жактырылды.

Мыйзамдын негиздемесинде жазылгандай, аны иштеп чыгууга 4-октябрда өткөн парламенттик шайлоодон кийин түзүлгөн коомдук-саясий кырдаал себеп болду.

Негиздемеде азыр Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) иши токтоп турганы, Жогорку Кеңештин ишин калыбына келтирип, имаратын оңдоо зарыл экендиги эске салынды. Мамлекеттик бюджеттеги тартыштык 36 миллиард сомдон ашып турганы жана коронавирустун экинчи толкунуна даярдык үчүн чыгымдар бар экени, шайлоодон кийинки окуялар боюнча чыгым 450 миллион сом болгону жазылды.

Кырдаалды жөнгө салганча президентти мөөнөтүнөн мурда жана парламенттик кайра шайлоону токтото туруп, конституциялык реформа жүргүзүү зарыл экени белгиленди.

Сунуш кылынып жаткан мыйзам долбоорунда Баш мыйзамга өзгөртүү киргизүү аркылуу жүргүзүлө турган конституциялык реформа 10-январга чейин аяктай турганы, парламенттик кайра шайлоо ошондон кийин гана, бирок 1-июндан кечиктирилбестен өтүшү зарыл экени айтылды.

Буга чейин Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Текебаев мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо 10-январда же 17-январда өтөрүн билдирген.

Депутат Талант Мамытов Конституцияны өзгөртүү тууралуу да, шайлоо мыйзамындагы мөөнөттү токтото туруу жөнүндө да долбоорлор боюнча талкуу бардык депутаттардын, коомчулуктун катышуусу менен өтөрүн айткан.

Депутат Алтынбек Сулайманов депутаттар мамлекеттик башкаруунун толук парламенттик, толук президенттик же аралаш формасын тандоо тууралуу өзгөртүүлөрдү Конституцияга сунуш кылып жатышканын маалымдаган.

4-октябрда Кыргызстанда кезектеги парламенттик шайлоо өткөн. Кийин нааразылык акциясынан соң БШК анын баштапкы жыйынтыгын жокко чыгарып, кайра шайлоону 20-декабрга белгилеген. (TSh/RK)

XS
SM
MD
LG