“Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев Сооронбай Жээнбеков отставкага парламенттик шайлоо өткөндөн кийин кетсе туура болмок деп эсептейт. Мындай пикирин ал 15-октябрда “Азаттык” радиосуна билдирди:
“Менин жеке оюмда, президент парламенттик шайлоодон кийин, жаңы өкмөт калыптангандан кийин кетсе жакшы болмок. Анткени, шайлоо убагында бардык тараптан таанылган легитимдүү орган керек болот. Бирок, тилекке каршы, бүгүн президент арызын жазып кетти. Бул төмөнкүлөрдү жаратат: кыска убакыт ичинде кайрадан президенттик шайлоо болушу керек, өлкөдө акча тартыш болгондуктан, парламенттик жана президенттик шайлоонун мөөнөтүн дал келтириш керек. Шайлоолор жаңы жылга чейин өтүшү зарыл. Бул абдан маанилүү, ошол эле кезде кооптуу иш-чара болот. Бүгүнкү убактылуу бийлик шайлоонун таза өтүшүнө жана коомдук тартиптин, мыйзамдардын сакталышына кепилдик берип, аткарышы керек”.
Текебаев азыр өкмөт тез арада чара көрүп, кырдаалды турукташтырышы зарыл экенин белгилеп, аянттарда эл чогулуп, түрдүү талаптарды айтып турганы шайлоого терс таасирин тийгизиши ыктымал деген оюн кошумчалады. Экстремалдуу учурда, басым-кысым фактору чечүүчү болуп турган убакта эркин шайлоо тууралуу сөз болушу мүмкүн эмес экенин белгиледи.
Президентке караштуу president.kg сайты 15-октябрда Сооронбай Жээнбековдун кыргызстандыктарга кайрылуусун жарыялады. Анда Жээнбеков отставкага кетүү тууралуу чечимди кабыл алганын билдирген.
Жогорку Кеңештин 14-октябрдагы чукул жыйынында Садыр Жапаров Кыргызстандын өкмөт башчылыгына бир добуштан шайланып, өкмөттүн сунушталган курамы жана түзүмү жактырылды.
13-октябрда Жогорку Кеңештин отурумунда кворум болуп, Канатбек Исаев спикерликке 78 добуш менен шайланган.
4-октябрдагы парламенттик шайлоонун баштапкы жыйынтыгына каршы 5-октябрда башталган нааразылык митинги башаламандыкка айлангандан кийин Кыргызстанда саясий кризис башталган.
Назарда Жапаров жаңы реформа баштай тургандыгын шардана кылдыДагы караңыз
Феликс Кулов: Кыргызстанды кимдир-бирөө башкаргысы келип ататМасалиев: Үч айдын ичинде президенттик шайлоо дайындалышы керекИшенбай Кадырбеков: Мыйзам нугуна кайтаруу БШКнын колундаЭркебаев: Сооронбай Жээнбековдун чечими күтүүсүз болду