Президенттин милдетин аткарууга киришкен премьер-министр Садыр Жапаров жалпы кыргызстандыктарга кайрылуу жолдоду.
Өкмөттүн маалымат кызматы тараткан кайрылууда Жапаров соңку окуяларды бийликке катуу сабак деп атап, анын жүрүшүндө Кыргызстандын эркиндиги, демократия, ынтымак жана биримдик сыналганын билдирген.
«2020-жылдын күзү жаңы тарыхты – улуттук аң-сезимдин жаңыланган барактарын ачты. Ар түрдүү курактагы, ар башка улуттагы, ар түрдүү саясий көз караштагы адамдар мыйзамсыздыкка каршы, добуштарды сатып алууга, фальсификациялоого жана административдик ресурстарга каршы көтөрүлдү. Айрыкча Кыргызстан эли бир муштумдай биримдигин көрсөттү. Баарыбыз ушул күнү кыргызстандык болдук: бирдиктүү, көп улуттуу бир эл болдук. Мындан ары да дал ушундай болот! Трайбализмди жок кылабыз!», - деп айтылган кайрылууда.
Ошондой эле Садыр Жапаров башкы максаты катары өлкөдө адилеттүүлүктү орнотуу, коррупция менен реалдуу күрөшүүнү атаган.
Ал саясий куугунтуктарга жол бербөөгө жана сот системасын реформалоого убада берген. Ошондой эле криминалга каршы күрөштү күчөтүүгө да сөз берген.
Садыр Жапаров кайрылуусунда жаштарга кайрылып, ар түрдүү күчтөрдүн парламентке келишине шарт түзөрүн билдирген.
Буга кошуча экономикада реформаларды жүргүзөрүн айтып, президенттин жана өкмөттүн аппаратында кыскартуулар болорун белгилеген.
Башкы максаты “өлкөдө адилеттүүлүктү орнотуу, коррупция менен реалдуу күрөшүү” экенин белгилеген.
«Мындан ары коррупция менен күрөшүү – саясий оппоненттердин көзүн тазалоонун инструменти болуудан калат. Саясий куугунтук дегенди менден ашык жон тери менен сезген саясатчы жоктур! Азыр да, көпчүлүк саясатчылар саясий мотивдер менен соттолгон. Бирок бүгүн аларга өздөрүнүн күнөөсүз экенин ачык процесстерде далилдей турган мүмкүнчүлүк түзүлдү. Анткени сотторго жана прокурорлорго эч ким кысым көрсөтпөйт. Мунун баары адилеттүү, акыйкат, жаңы сот өндүрүшүнүн башталышы болуп калат. Дал ушул күндөр соттук өзүм билемдикке жана мыйзамсыздыкка чекит коёт», - деп айтылат Садыр Жапаровдун кайрылуусунда.
Ошол эле кезде ал "кандай гана саясий фигура болбосун, коррупцияга аралашса, мыйзам чегинде жоопко тартыла турганын” белгилеп, кыргызстандыктарды жемкорлукка каршы күрөштө жардам берүүгө чакырган.
Бажы кызматынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовго жакын адамдар жана анын бизнес өнөктөштөрү Кыргызстандан чыгарып кеткени айтылган 700 млн. доллардын тегерегиндеги акча тууралуу да сөз калды.
«Баарынан мурда биз 700 млн. долларды Кыргызстандан чыгарып кетүү боюнча шек саналган Матраимовдор жана башка схемалуу коррупцияларды түзүп, элдин ырыскысына кол салган бардык тармактардагы коррупционерлерди катаал жаза менен жоопко тартабыз. Укук коргоо органдарына тийиштүү тапшырмалар берилди. Жакынкы убактарда биз ишибиздин жыйынтыгын көрсөтөбүз», - деди Жапаров.
Жапаров кайрылуусунда "соттук реформалар мындан ары президенттик аппарат тарабынан эмес, коомчулуктун көзөмөлүндө жүргүзүлө” турганын белгилеген.
Өлкөдө реформалар боюнча комиссия түзөрүн билдирип, аталган комиссия Кыргызстандын экономикасын башкаруудагы мамилелерди өзгөртөрү жөнүндө сөз болгон.
«Жаңы доор мамлекеттик башкаруу системасында жаңы мамилелерди талап кылууда. Заманбап технологиялар чиновниктердин жана бюрократтардын салмактуу бөлүгүн кыскартууга жол ачууда. Ошондуктан кереги жок мамлекеттик структуралар жакынкы аралыкта жоюлат. Айрыкча президенттик аппаратта, өкмөттүн аппаратында катуу өзгөрүүлөр, оптималдаштыруу болот. Кыскартууларды биз өзүбүздөн баштайбыз», - деп айтылган кайрылууда.
Ошондой эле коронавирус пандемиясына өлкөдөгү саламаттык сактоо тармагы даяр эместиги ачыкка чыкканын жана ал учурда алынган насыялардын текшерилерин билдирген.
Жапаровдун кайрылуусуна коомчулуктун реакциясы
Бул кайрылуудан кийин жалаң жаштардан түзүлгөн "Реформа" партиясы бийликти эски күчтөрдөн тазалап, коррупцияга каршы күрөш жүргүзүү жаатында мамлекетке колдоо көрсөтүүгө даяр экенин билдирди.
Партиянын төрайымы Клара Сооронкулова өкмөт башчы, президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаровго жазган кайрылуусун 17-октябрда "Фейсбукка" жана жалпыга маалымат каражаттарына жарыялады.
Партия натыйжалуу күрөш жүргүзүү үчүн мүлктүк люстрацияга багыт алып, декларациядагы маалыматтар менен мүлктөрдүн дал келүүсүн аныктаган көз карандысыз комиссия түзүүнү сунуш кылууда.
Партия Жапаровго Комиссия тууралуу жобонун долбоорун сунуш кылып, анын курамына жарандык коомдун өкүлдөрү да кошулууга тийиш экенин билдирди.
Ал эми Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Өмүрбек Абдрахманов Кыргызстандын президентинин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаровдун өлкөдө реформалар боюнча комиссия түзүү максаты тууралуу пикирин билдирип, ириде жергиликтүү бийликти тартипке салуу зарыл экенине токтолду.
«Реформа жасаса болот. Анткени азыр бардык бийлик бир кишиде. Бирок механикалык негизде кызматкерлерди кыскартып койгондон эч нерсе өзгөрбөйт. Же «жакшы адамдарды алып келебиз» деген менен абал оңолбойт. Себеби, система эски. Жаңы бийликтин кол алдында реформачыл бир да адам жок. Мен алардын куру сөзүнөн башка реформа тууралуу программасын көрө элекмин. Ошондуктан реформаны жасай алган, жок дегенде аны жазып, кеңеш бере турган адамдарды чогултса, мүмкүн өзгөрүүлөр болот. Бирок убактылуу өкмөт үч ай гана иштегендиктен убактысы да жетпейт».
Ал эми Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин мүчөсү, депутат Акылбек Жапаров бюджеттин киреше бөлүгүнүн 90% салыктан жыйналарын, андыктан премьер-министр, президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаровдун өкмөтү ишкерлер менен тыгыз иштеши керектигине токтолду.
«Эгерде күнүгө 12 саат иштеп жатса, анын төрт саатын саясатка, калган сегиз саатын экономикага бөлүш керек. Бизде республикалык бюджет боюнча мыйзам бар. Биз мыйзамдык нукка түшкөндөн кийин мыйзамдарды да так аткаруу зарыл. 650 миң пенсионер, 600 миңден ашык жөлөк пул алган жарандарыбыз бар. Бюджеттен айлык алган мугалим, дарыгер, аскерлерибиз турат. 1,5 млн. киши бюджетке түздөн-түз көз каранды. Аларды кыжалат кылбай акчаны убагында бериш керек».
Жапаров азыр тыштан келчү инвесторлорго үмүт артпай ички инвесторлорго көбүрөөк көңүл буруш керек деп эсептейт. Ал Кыргызстандагы экономикалык оор кырдаалдан чет мамлекеттердин жардамы жок эле чыгып кетүүгө болот деп ишенет. Ошондой эле артыкбаш чыгымдарды токтуу керектигин эскертти.
Саясатчы Бектур Асанов жаңы бийликтин криминал менен күрөшөбүз деген убадасынан шек санап турганын жашырган жок.
Ал жаңы бийликти Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов менен кримтөбөл атыккан Камчы Көлбаевдин өнөктөштөрү деп эсептейт. Мындай пикирин ал 17-октябрда Бишкекте өткөн шайлоо мыйзамдарын өзгөртүү боюнча талкууда айтты.
«Райым азыр деле бийликте. Муну эске алышыбыз керек. Мен бул бийликке «Силер менен кызматташпайм, себеби, силер Райым менен Көлбаевдин өнөктөшүсүңөр» дедим. Райым качып кеткен болсо анын схемасын ишке ашырып жаткан 10-15 кишини камабаса, Көлбаевге, уюшкан кылмыштуу топторго каршы мыйзамды алып келишпесе анда бул бийлик да ошолордун бийлиги болуп калат. Бул бийликтин коркунучтуу жери - мурдагы бийлик кылмыштуу топтор менен өнөктөш болсо, азыркылар «уюшкан кылмыштуу топторду жанчып туруп бийлик да, ОПГ да өзүбүз болобуз» деп жатат». Азыркы бийликтин жарымы өздөрү ОПГ да», - деди Асанов.
4-октябрдагы парламенттик шайлоонун баштапкы жыйынтыгына каршы нааразылык митинги башаламандыкка айлангандан кийин Кыргызстанда саясий кризис башталган. Бир жумага созулган нааразылык акцияларынан соң президент Сооронбай Жээнбеков өз арызы менен 15-октябрда кызматтан кетти. Анын арызын Жогорку Кеңеш 16-октябрда кабыл алды.
Кыргызстандын Баш мыйзамына ылайык, президент кызматтан кеткенде анын милдетин убактылуу Жогорку Кеңеш төрагасы аткарышы керек. Бирок учурдагы төрага Канатбек Исаев бул кызматты өз каалоосу менен аткаруудан баш тартартын билдирген.
16-октябрдан тарта президенттин милдетин аткарууга киришкен Садыр Жапаров 6-октябрдагы окуялардан соң тарапташтары тарабынан абактан бошоп чыккан.
- автор Бакыт Төрөгелди
Жээнбеков кетип, бийлик Жапаровго өттү
Сооронбай Жээнбеков Жогорку Кеңеште сүйлөп, бийликтен кетишинин себебин түшүндүрдү.
Мыйзам боюнча президенттин милдетин аткаруу парламент төрагасына өтмөк. Бирок Жогорку Кеңештин жаңы эле шайланган спикери Канатбек Исаев президенттин ыйгарым укуктарынан баш тартты.
Жээнбековдун президент катары акыркы билдирүүсү
Ошентип, президенттин ыйгарым укуктары да премьер-министр Садыр Жапаровго өттү. Сооронбай Жэээнбековдун кызматтан кетиши анын туура үч жыл мурда шайланган күнүнө туш келди.
Кыргызстанда 4-октябрда өткөн парламенттик шайлоодон кийинки саясий кризистен улам Сооронбай Жээнбеков президенттик кызматтан кетүүгө мажбур болду. Ал 16-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынында отставкасы тууралуу билдирүү жасап, өлкөдөгү соңку саясий кырдаал боюнча буларга токтолду:
«Өлкөбүздүн тарыхы 6-октябрга чейинки жана андан кийинки учуру деп өлчөнүп калды. Бул факт. Бул бурулуш бизге эмне алып келет — тарых жана убакыт өз баасын берет. Бул күндөр ар бир кыргызстандык үчүн эң оор күндөр болду. Менин дарегиме колдоо айтуу менен бирге, мамлекет башчысы катары тез арада кырдаалды жөнгө салуу жөнүндө талаптар, катуу сын-пикирлер айтылды. Кыйчалыш учурда эмнелер жасалганын азыр кайрадан айтып отурбайын».
Сооронбай Жээнбеков президенттик мөөнөтүнүн биринчи жылын тышкы саясатты жолго коюуга жумшаганын айтты. Калкты таза суу, турак жай менен камсыз кылуу негизги иши болгонун билдирди. Сот-укук реформасы ордунан жылып, коррупцияга каршы күрөш болгонун белгилеп, дагы бир жетишкендиги катары «Коопсуз шаар» долбоорун атады.
«Болгон күч-аракетимди өлкөнү укуктук алкакка кайтарууга жумшадым, - деди ал. - Мен үчүн өлкөбүздүн бүтүндүгү, элибиздин биримдиги, коомубуздун ынтымагы бардык кызмат ордунан бийик. Мен үчүн ар бир жараныбыздын ден соолугу, ар бир мекендешимдин өмүрү баарынан кымбат. Өлкөбүздө тынчтыкты сактап калуу, элди бөлүп-жарбоо максатында президенттик кызматтан кетүүнү чечтим».
Экс-президент буга чейин өлкөдө абал турукташып, парламенттик шайлоо өткөндөн кийин гана кызматтан кетерин жарыялаган. Бирок 15-октябрда оюн чукул өзгөртүп бийликтен кетерин кабарлады. Муну ошол күнү Жээнбеков менен жолугуп чыккан коомдук-саясий ишмерлер да таң калуу менен кабыл алышты. Себеби, алар Жээнбеков «азырынча кетпейм» деген позицияда турганын айтышкан эле. Жээнбеков көп өтпөй президент менен премьер-министрдин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров, саясатчы Камчыбек Ташиев менен жолуккандан кийин кызматтан кетүүнү чечкен.
Жээнбеков үч жыл иштеди
Сооронбай Жээнбеков 2017-жылы 15-октябрда өткөн шайлоодо негизги атаандашы Өмүрбек Бабановду жеңип, президент болуп шайланган. Ошол эле жылы 24-ноябрда инаугурациясы өтүп, ант берген.
Кыргызстандын эгемен тарыхында туңгуч президент Аскар Акаев 2005-жылдагы окуялардан кийин бийликтен кулатылып Орусияга качып кеткен. Андан кийин бийликке келген Курманбек Бакиев 2010-жылдагы элдик толкуундоонун натыйжасында үй-бүлөсү, туугандары менен Беларуска качып баш калкалап жүрөт. Экөөнө тең экс-президент деген макам берилген эмес. 2010-жылдан кийин өлкөнү убактылуу башкарган экс-президент Роза Отунбаева 2011-жылы бийликти Алмазбек Атамбаевге биринчи жолу тынчтык жолу менен өткөрүп берген.
Коомчулукта Жээнбековду мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин мураскери катары баалагандар анын таасири астында каларын айтышкан. Бирок саясий келишпестиктен улам экөөнүн мамилеси начарлап кеткен. Кримтөбөл Азиз Батукаевдин мөөнөтүнөн мурда түрмөдөн бошотулушуна байланыштуу 11 жыл, эки айга эркинен ажыратылган Атамбаев Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөө абагында отурат. Жогорку Кеңеш аны мыйзамда белгиленген экс-президент деген макамдан ажыраткан.
Жапаров эки бийлик бутагын колго алды
Кыргызстанда иштеп жаткан президент мөөнөтүнүн аягына чыкпай арыз жазып кызматтан кеткен окуя биринчи жолу болуп жатат. Мыйзам боюнча президент бийликтен кеткенден кийин анын милдетин парламенттин спикери аткарып калат. Бирок төрага Канатбек Исаев андан баш тартты:
«Учурдагы коомдук саясий кырдаалды эске алып жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин VI чакырылышынын ыйгарым укуктарын юридикалык жактан аяктоо алдында тургандыгына байланыштуу Кыргыз Республикасынын милдетин аткаруу укугунан баш тартам. Мен өз убактымды, күч-аракетимди Жогорку Кеңештин жумуштарына багыттап жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жаңы шайлоосуна тиешелүү мйзамдарды карап чыгып, аларды кыска убакытта кабыл алууга аракет кылууну туура чечтим».
Ушундан улам мыйзамга ылайык, Садыр Жапаров президенттин да, премьер-министрдин да милдетин аткарып калды. Ал бул тууралуу 15-октябрда Өкмөт Үйүнүн алдында тарапташтары менен жолукканда эле айткан. Аны колдогондор башта Жапаровдун өкмөт башчы болушун талап кылса, кийин «президент болуш керек» деген ураандарды чакырып турушту. Жапаров Жогорку Кеңештин кезексиз жыйынында сөз сүйлөп буларды белгиледи:
«Талоончулукка, басып алууга алып барбай, «мамлекетте үчүнчү жолу төңкөрүш болду» деген сөзгө калтырбай, бийлик тынчтык жолу менен алмашып жатканына биз миң мертебе ыраазы болушубуз керек. Мындан ары мага жүктөлгөн милдеттерди толук аткарууга ички жана тышкы саясатты мурда кандай келатса ошондой улантууга күч-аракетимди жумшайм».
«Тарых, мыйзам баа берсин»
Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Текебаев эки бийлик бутагын башкарып калган, парламентке да таасири күчтүү Садыр Жапаровго эбегейсиз чоң мүмкүнчүлүк берилгенин эске салды. Аны колдогон эл да көп ишти талап кыларын эскертти. Ошондой эле кызматтан кеткен Сооронбай Жээнбеков тууралуу да ою менен бөлүштү.
«Мен кыргызстандыктарга кайрылгым келет. Кызматтан кеткен президент Сооронбай Жээнбековду кордогонго жол бербейли. Ал өз иши үчүн тарых алдында, мыйзам алдында жооп берер».
Сооронбай Жээнбеков кызматтан кеткенден кийин ага Кыргыз Республикасынын экс-президенти деген расмий макам берилди.
16-октябрда өкмөттүн басма сөз кызматы президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров экс-президент Сооронбай Жээнбеков жөнүндөгү жарлыкка кол койгонун кабарлады.
«Кыргыз Республикасынын Президентинин ишмердигинин кепилдиктери жана Кыргыз Республикасынын экс-президентинин статусу жөнүндө» мыйзамга ылайык, Кыргыз Республикасынын экс-президентине мыйзамда каралган бардык ченемдер сакталат.
61 жаштагы Сооронбай Жээнбеков эмгек жолун 1976-жылы Ош облусунун Өзгөн районундагы Ленин атындагы орто мектепте орус тили жана адабияты мугалими болуп баштаган. Чоң саясатка 1995-жылы аттанып, Жогорку Кеңештин I чакырылышынын Эл өкүлдөр жыйынына депутат болуп шайланган. Андан кийин Жогорку Кеңештин II жана III чакырылышынын депутаты болгон.
2010-жылдагы апрель окуясынан кийин Ош облусуна губернатор болуп дайындалып, 2015-жылга чейин ушул кызматта иштеди. Ошол эле жылы Мамлекеттик кадр кызматынын директору, 2016-жылдын мартынан тартып президентинин аппаратынын жетекчисинин биринчи орун басары болгон. Ушул эле жылы премьер-министр болуп шайланган. Ал журналисттерге комментарий берип жатып өкмөт башчылык кызмат түшүнө да кирбегенин айтканы бар.
Жаңы өкмөт өнөктөш өлкөлөр менен диалогун улантууда
Кыргызстан коңшу жана башка өнөктөш өлкөлөр менен дипломатиялык диалогун улантууда. Өкмөттүн маалыматына караганда, 15-октябрда Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов өкмөт башчы Садыр Жапаров менен телефон аркылуу сүйлөшүп, жогорку мамлекеттик кызматка дайындалышы менен куттуктады. Арипов мамилелерди кеңейтүүгө жана чыңдоого ишеним билдирди. Өз кезегинде Жапаров куттуктоо үчүн ыраазычылык айтып, бир тууган эки өлкө ортосундагы кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.
Тышкы иштер министрлигинин маалыматына караганда, 15-октябрда мекеме башчысы Руслан Казакбаев Орусиянын башкы дипломаты Сергей Лавров менен телефондон сүйлөштү. Министрлер эки өлкө ортосундагы саясий диалогду жана пландалган иш-чараларды улантуу зарыл экенин билдиришти. Казакбаев Кыргызстан Орусия менен стратегиялык жана союздук мамилени бекемдөөгө умтуларын айтты.
Ошондой эле 15-октябрда Кыргызстандын башкы дипломаты Тажикстандын Кыргызстандагы элчиси Назирмад Ализоданы кабыл алып, өлкөдөгү саясий кырдаал тууралуу маалымат берди жана аткаруу бийлигинин бардык органдары кадимки тартипте иштөөсүн улантып жатышканын билдирди. Дипломаттар соода-экономикалык кызматташтык жана чек арадагы коопсуздук маселелерин талкуулап, ортодогу мамлекеттик чек араны тактоо боюнча сүйлөшүүлөр уланарын белгилешти.
Буга чейин министр Казакбаев Казакстандын жана Орусиянын Кыргызстандагы элчилери Кайрат Нурпеисов, Николай Удовиченко менен жолукканы кабарланган.
Жогорку Кеңеш Жээнбековдун отставкасын кабыл алды