Кеңешбек Дүйшөбаев Коопсуздук кеңешинин катчысы болуп дайындалганын 15-октябрда президент Сооронбай Жээнбековдун басма сөз кызматы билдирди.
Президенттин расмий president.kg сайтында жарыяланган маалыматка караганда, Дүйшөбаевди Коопсуздук кеңешинин катчысы кылып дайындоо тууралуу жарлыкка президент Сооронбай Жээнбеков кол койгон.
2018-жылдан бери Коопсуздук кеңешин жетектеп келген Дамир Сагынбаев президенттин жарлыгы менен 10-октябрда кызматынан бошотулган. 5-6-октябрдагы тополоңдон кийин Коопсуздук кеңешинин катчысынын милдетин аткарып турган орун басары Өмүрбек Суваналиев да 10-октябрда кызматынан бошотулган.
Кеңешбек Дүйшөбаев 2010-жылкы апрель ыңкылабынан кийин Коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетти башкарган. (NT)
Дагы караңыз
Шайлоо мыйзамдары кайым айтышка жол ачтыЖапаровдун өкмөтүндөгү эски-жаңы жүздөрЖапаров койгон министр Ниязбеков ким? Атабеков: Жаштар курал болуп калды