Стамалиева: Президент парламенттик шайлоону өткөрүп коюп кетет

Президент Сооронбай Жээнбеков. Архивдик сүрөт.

Президент Сооронбай Жээнбеков. Архивдик сүрөт.

Президенттин басма сөз катчысы Толгонай Стамалиева мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков кызматынан өлкөдө кырдаал турукташканда, парламенттик шайлоону өткөрүп, президенттик шайлоо жарыяланган соң гана кетерин билдирди:

«Бүгүн президент Сооронбай Жээнбеков Садыр Жапаров менен жолугуп, сүйлөштү. Жолугушууда премьер-министр «президент бүгүн кечинде кызматын тапшырышы керек» деген талабын койду. Президент Сооронбай Жээнбеков азыркы кырдаалда мамлекет башчылыгын таштап кете албай турганын, бул өлкөгө зыяны тийүүчү күтүлбөстүктөргө алып келиши ыктымал экенин баса белгиледи».

Анын маалыматына караганда, Жээнбеков Жапаровго 9-октябрдагы сөзүндө турарын, президенттик кызматтан Кыргызстанда кырдаал туркташып, баары мыйзам жолуна кайткандан кийин - парламенттик шайлоону өткөрүп, жаңы президентти шайлоо жарыяланган соң гана кетерин билдирген.

Садыр Жапаровдун өкмөт аппаратынын башчысы Бактыбек Аманбаев жолугушуунун жыйынтыгы тууралуу маалыматы жок экенин айтып, бардык маселе сүйлөшүү жолу аркылуу чечилиши зарыл экенин «Азаттыкка» билдирди.

4-октябрдагы парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразылык митинги массалык башаламандыкка айланып, митингчилер президент менен парламент отурган имаратты, УКМКны басып алышкан. Абактардагы бир катар саясатчыларды, алардын ичинде Садыр Жапаровду да тарапташтары бошотуп алышкан.

Ошондон бери өлкөдө саясий кризис чечилбей турат. 14-октябрда парламент өкмөт башчылыкка шайланган Садыр Жапаровдун өкмөт курамын, түзүмүн бекитип, ага президент Сооронбай Жээнбеков кол койгон. Бирок Жапаровдун тарапкерлери Жээнбеков кызматтан кетмейинче тарабай турганын билдиришүүдө. Президент Жээнбеков кырдаал турукташкан соң кызматтан кетерин айткан. (ZKo)

Дагы караңыз

Британия Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбековдун аракетин колдойтКоомдук телеканалга жаңы жетекчи дайындалдыЭлдик кошуундун мүчөлөрү Бишкектин коопсуздугун чогуу коргоого чакыруудаКыргыз-казак чек арасынан өтүү татаалдашатCOVID-19: Орусияда бир күндө 244 адам көз жумдуЧехияда бир күндө 8325 кишиге коронавирус жуктуАзербайжан Армениянын аймагына сокку урганын бышыктадыСадыр Жапаров: Канттагы авиабаза тууралуу келишим ошол бойдон калат