Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Декабрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:35

Садыр Жапаров: Канттагы авиабаза тууралуу келишим ошол бойдон калат


Садыр Жапаров Бишкектеги басма сөз жыйынында. 14-октябрь, 2020-жыл.
Садыр Жапаров Бишкектеги басма сөз жыйынында. 14-октябрь, 2020-жыл.

Премьер-министр Садыр Жапаров 14-октябрдагы басма сөз жыйынында журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып Орусия менен мамиле кандай болоору тууралуу оюн айтты.

«Биздин стратегиялык эң негизги өнөктөш – бул Орусия. Анткени бизди көп нерсе байланыштырып турат. Андан ажырап кете албайбыз. Ал эми жолугушууларды азырынча пландай элекпиз. Эртең ишке киришсем белгилүү болот», - деди Жапаров.

Садыр Жапаров: «Орусиянын Канттагы аскердик авиабазасы тууралуу келишим кайра каралышы мүмкүнбү?» - деген суроого: «Жок, мурун кандай болсо, ошол бойдон калтырабыз», - деп жооп берди.

Жапаров Орусиянын лидери Владимир Путиндин тапшырмасы менен Бишкекке келген анын администрация башчысынын орун басары Дмитрий Козак менен жолугушууда бүгүнкү кырдаалдан тынчтык жол менен, чатакка барбай чыгуу тууралуу маселе талкууланганын билдирди.

13-октябрда президент Сооронбай Жээнбеков Дмитрий Козак менен жолугушкан. Ага Садыр Жапаров да катышкан. Президенттин сайтында жарыяланган маалыматта жыйында эмне жөнүндө сөз болгону айтылган эмес.

Орусиянын Канттагы аскер базасы Кыргызстандын аймагындагы бирден-бир чет өлкөлүк аскер объектиси болуп саналат.

Жогорку Кеңештин 14-октябрдагы чукул жыйынында Садыр Жапаров Кыргызстандын өкмөт башчылыгына шайланып, өкмөттүн сунушталган курамы жана түзүмү жактырылган.

4-октябрдагы парламенттик шайлоодон кийин Кыргызстанда саясий кризис башталган. Буга чейин парламенттин бир катар депутаттары эки жолу чукул жыйынга чогулуп, өкмөт башчылыкка 6-октябрга караган түнү түрмөдөн бошотулган мурдагы депутат Садыр Жапаровду бекиткенин жарыялаган. Бирок ошол чечимдердин мыйзамдуулугу, кворумдун чогулганы суроо жараткандыктан бүгүн маселе Жогорку Кеңештин кезексиз сессиясында кайрадан каралды. (NT)

XS
SM
MD
LG