Бүгүн Жогорку Кеңеш өкмөттүн курамын жана түзүмүн карайт

Жогорку Кеңештин чукул жыйыны. 2020-жылдын 13-октябры.

Бүгүн, 14-октябрда Жогорку Кеңештин кезектеги жыйыны «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында болот. Анда өкмөттүн курамы, түзүмү жана программасы каралат. Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы маалымдагандай, бүгүнкү жыйында өкмөттүн курамы, түзүмү жана программасы бекитилери күтүлүүдө.

4-октябрдагы шайлоо жыйынтыгына нааразылык митингдери массалык башаламандыкка айланып, Кыргызстанда саясий кризис башталды. Жогорку Кеңештин VI чакырылышындагы депутаттар өкмөт башчыны шайлоо максатында бир нече жолу чогулууга аракет кылышты.
6-октябрда парламент депутаттарынын бир бөлүгү чогулуп, Дастанбек Жумабековду спикерликтен бошотуп, анын ордуна Мыктыбек Абдылдаевди шайлаган. Ошол күнү өкмөт башчылыкка массалык тополоң учурунда абактан бошотулган Садыр Жапаровдун талапкерлигин көрсөткөн.

Мурдагы өкмөт башчы Кубатбек Бороновдун кызматтан кетүү тууралуу арызына президент 10-октябрда кол койгон.

Парламент 10-октябрдагы кезексиз жыйынында Садыр Жапаровду жана анын өкмөтүн бекитип берген.

Жогорку Кеңештин ал күнкү чечимдеринин негизинде кабыл алынган токтомду президент Сооронбай Жээнбеков 13-октябрда артка кайтарган. Буга 10-октябрдагы парламент отуруму кворумсуз өткөн, ал эми анда кабыл алынган чечимдер мыйзамсыз болгон деген жүйө негиз болгон.(ZKo)

Дагы караңыз

Президент Садыр Жапаровдун өкмөттүн курамы, түзүмү, програмасы боюнча долбоорун кароону парламентке сунуш кылдыКазакстандын президенти Кыргызстан конституциялык нукка түшкөнүн колдойтКатаал күндө келген спикер Ысык-Көлдөгү ишкерлер опузага кабылуудаАлтынбек Сулайманов тез арада шайлоо мыйзамдарын өзгөртүүгө чакырды (видео)Гилменддеги кагылышуудан улам миңдеген киши жер которуудаЖанарбек Акаев: Шайлоо босогосун 3% чейин түшүрүү - кырдаалдан чыгуунун бир жолуТихановская Лукашенкону 12 күндүн ичинде кызматтан кетүүгө чакырды