Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 09:01

Алтынбек Сулайманов тез арада шайлоо мыйзамдарын өзгөртүүгө чакырды (видео)


Алтынбек Сулайманов.
Алтынбек Сулайманов.

«Бир Бол» партиясынын лидери Алтынбек Сулайманов Жогорку Кеңештин депутаттарын тез арада шайлоо мыйзамдарына өзгөртүү киргизүүгө чакырды. Бул тууралуу депутат 13-октябрдагы парламенттин кезексиз жыйынында билдирди. Ал парламенттин жаңы шайланган төрагасы Канатбек Исаевге кайрылып, Жогорку Кеңештин жыйындарын уюштуруш керек экенин айтты.

Сулайманов кырдаалдан чыгыш үчүн мыйзамга ылайык парламенттик шайлоону өткөрүүнү сунуш кылды. Депутат шайлоого чейин №2 форма менен добуш берүүгө тыюу салуу, шайлоо босогосун үч пайызга түшүрүү, партиялардын шайлоо фондун бир миллион сомго түшүрүү зарыл экенин билдирди.

Мындай сунушту депутат Жанарбек Акаев да колдоп, учурдагы кырдаалдан чыгыш үчүн дал ушундай кадамдарга баруу зарыл болорун белгиледи. Ал 5-октябрда нааразылык акциясына чыккан жаш активисттерди куугунтуктоону токтотуп, «Социал-демократтар» партиясынын камакка алынган мүчөсү Темирлан Султанбековду камактан бошотууга чакырды.

XS
SM
MD
LG