Жогорку Кеңештин VI чакырылышындагы депутаттарынын бир бөлүгү премьер-министрлик кызматка шайлаган Садыр Жапаров 12-октябрда өкмөттө жыйын өткөрдү.
Бул тууралуу өкмөттүн сайты жазып чыкты. Маалыматка караганда, жыйында Садыр Жапаров өлкө чоң саясий жана экономикалык реформалардын алдында турганын айткан. Өлкөнүн мындан ары өнүгүшү үчүн туруктуулукту сактоо маанилүү экенин, бардык мамлекеттик органдар штаттык режимде иштеши зарыл болорун белгилеген.
«Биздин алдыбызда мамлекеттик башкаруу тутумун оптималдаштыруу жана бюрократиялык тоскоолдуктарды азайтуу, экономикалык активдүүлүктү калыбына келтирүү жана бизнести колдоо боюнча милдеттер турат. Бул багыттагы иштер кыска убакыттын аралыгында аткарылууга тийиш», - деп айткан Садыр Жапаров.
Өкмөттүн сайтындагы кабарга караганда, жыйындын соңунда өкмөт аппаратынын бөлүмдөрүнө күз-кыш мезгилине даярдык, коронавирустун жайылышына каршы күрөш боюнча чара көрүү, бизнестин өкүлдөрү менен жолугушууларды уюштуруу, донордук уюмдар менен жолугушууларды өткөрүү, социалдык төлөмдөрдүн өз учурунда берилишин камсыздоо, салык жана бажы процедураларын фискалдаштыруу боюнча программаларды ишке ашыруу, коомдук жана азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо боюнча тапшырмалар берилген.
4-октябрдагы парламенттик шайлоодон кийин өлкөдө саясий кризис өкүм сүрүүдө.
5-октябрда шайлоонун баштапкы жыйынтыгына нааразы болгон партиялардын тарапкерлеринин акциясы массалык тополоң менен коштолгон. 6-октябрга караган түнү президенттик аппарат жана парламент жайгашкан имаратты митингчилер ээлеп алышкан.
10-октябрда парламент кезексиз жыйынга чогулуп, 6-октябрга караган түнү массалык башаламандык учурунда абактан бошотулган мурдагы депутат Садыр Жапаровду премьер-министр кылып тандаганы айтылган.
Жапаровдун жактоочулары анын бошонуусу жана шайлануусу мыйзамдуу болгонун белгилеп жатышат. Парламенттеги айрым депутаттар, коомдук ишмерлер, юристтер жана укук коргоочулар ал жыйынды мыйзамсыз деп эсептешүүдө.
Президент Жээнбеков ишин «Ала-Арча» резиденциясында улантып жатканы кабарланды. (NT)
Дагы караңыз
Исаев: Жогорку Кеңештин 10-октябрдагы жыйынында кворум болгон жок (видео)Партиялык тизме –– мезгил талабы«Жарандык тилектештик» эл аралык уюму Кыргызстандагы кризиске байланыштуу кайрылуу тараттыСооронбай Жээнбеков Роза Отунбаева менен жолукканы кабарланды