- Садыр Жапаровдун парламент депутаттары тарабынан өкмөт башчылыкка дайындалуусун кандай деп баалайсыз?
- Ал буга чейин эки жолу дайындалбадыбы. Биринчи жолу “Достук” мейманканасында шайлашкан. Ошондо да биз атайын билдирүү жасаганбыз. 10-октябрдагы дайындалуусу боюнча да расмий билдирүү даярдап жатабыз.
Парламенттин сессиясын ачып, өткөрүш үчүн спикерге, ошол маалда Мыктыбек Абдылдаев болчу, анын да легитимдүү шайланганы тууралуу бир топ суроолор бар, бул боюнча мурда да айтканбыз.
Ошентсе да отурумду ал алып барып жаткандан кийин, сессияны ачты. Залда 51 депутат бар деди, дагы 10 депутат ишеним кат бергенин айтты. Бирок регламент боюнча сессия залда кворум болгондо гана ачылышы керек. Анткен менен Мыктыбек Абдылдаев 51 депутат бар деп айтса да, журналисттер көргөзгөн тасмалардан 51 депутатты көрө алган жокпуз. Мейли, 51 депутат болсо деле, 10 эл өкүлү ишеним кат берген күндө да бул документ менен тигил же бул маселеге добуш берүү укугу берилбейт.
Башкача айтканда, мамлекеттик резиденциядагы кечээги курамы менен парламент өз сессиясын баштай албайт болчу. Резиденцияда кечээ депутаттар бейрасмий жолугушуу өткөрдү десек болот. Мыктыбек Абдылдаев тажрыйбалуу юрист катары муну түшүнүп, кечээ бир нече жолу кайталап айтты. Албетте, депутаттар чогула алышат, бирок жыйынды сессия деп саноо туура эмес. Демек, бул сессия болбогондон кийин депутаттар чыгарган чечим, айрыкча добуш берүүнү мыйзамсыз деп эсептесе болот.
Добуш берүү сессия учурунда гана ишке ашат. Кечээ сессия болгон жок. Эл өкүлдөрү өз эрки менен эле чогулуп, кайсы бир маселени талкуулады десек туура. Кечээги жыйындын чечимин алар токтом катары расмийлештире алышпайт. Регламентке ылайык бардык укуктук-нормативдик документ катары жыйындын чечимин беките алышпайт. Ушундан улам Мыктыбек Абдылдаев мыйзам одоно бузулуп төрагалык кызматка дайындалса да кечээги жыйындын мыйзамсыздыгынан улам спикерлик милдетинен баш тартты.
- Демек сиз Садыр Жапаровдун өкмөт башчы катары дайындалуусун тааныбайсызбы?
- Кептин баары менин таанып же тааныбаганымда эмес. Мен мыйзам жолунда кандай болушу керектигин гана айтып жатам. Мындай маселелер Жогорку Кеңештин сессиясында чечилиши керек. Кечээ сессия болгон жок.
- Садыр Жапаров 10-октябрдагы жыйында шайлоонун мөөнөтү жылышы мүмкүн дебедиби. Буга чейин БШК жаңы шайлоонун мөөнөтүн 6-ноябрга чейин аныктоо керектигин билдирген. Шайлоо жылса абал кандай болот?
- Бул суроого биринчи берген жообума таянып жооп бермекчимин. Садыр Жапаровдун шайлоо тууралуу айтканы – Кыргызстандын бир атуулунун жеке пикири. Аны каалаган учурда айтканга укугу бар.
Дагы караңыз Үмүт ыңкылабынын жаңы баскычы ой-чабыт ыңкылабы менен улантылатБирок, мындай маселелер мыйзам чегинде белгилүү бир чечимдер менен гана бекийт. Жапаровдун муну чечкенге ыйгарым укугу жок. Ал премьер-министр же анын милдетин аткаруучу катары эмес, жаран катары гана өз позициясын айтты. Биз азыр иштеп жаткан мыйзамдардын негизинде гана иш алып барышыбыз керек. Эгер шайлоо тууралуу мыйзамды өзгөртүү керек болсо, ал үчүн атайын орган бар. Кандайдыр бир чечим легитимдүү орган тарабынан бекитилип, мыйзам сөзсүз сакталышы керек. Аны Жогорку Кеңештин легитимдүү сессия гана бекитет.
- Бишкек шаарында коменданттык саат боюнча жарлыкка президент кол койгон эле. Бирок, кечээ жыйында ал каралган жок. Эмнеге?
- Депутаттар бардык маселенин мыйзамдуу жагын абдан жакшы түшүнөт. Баары эле аларды чала сабат деп жатпайбы, жок, алар түзүлгөн кырдаалга сонун эле баа бере алышат. Эмнеге алар кечээ күн тартибине өзгөчө абал боюнча президенттин жарлыгын бекитүү маселесин алып чыгышкан жок? Анткени аларда кворум жок да, депутаттар абалды кыйыр болсо да моюндап, мындай олуттуу чечимди талкууга алып чыгышпады. Андыктан өзгөчө абал режими деген нерсе эртең жок болуп кетет.
Таң калычтуусу өзгөчө абал режими бизде иштейби же жокпу, белгисиз. Себеби, кечээ аянтта түнкүсүн болгон ызы-чуу, салют жана абага ок атуулардан улам жарандар бул режимди тоготпой жатат десек болот. Мен азыр өзгөчө абал режими барбы же жокпу, аны да билбейм. Жок эле окшойт. Эч кимди жоопко тартышкан жок, айып салган жок. Өзгөчө абал режими деп тынч шаардык бирөөнү кармап, айып салса бул чыныгы адилетсиздик, тандап мамиле жасоо дегенге барабар болот.
- Эркиндикке чыккан айрым саясатчылар кайра камалууда. Бул жагдайга көз карашыңыз кандай?
- Бул – толук кандуу анархия. Азыр баарын эле “массалык башаламандык” уюштурду деп кармап жатышат. Аларга бийликти басып алуу аракети, массалык башаламандык уюштуруу, коомдук тартипти бузуу деген сыяктуу айыптар коюлууда. Бирок, бийликти жарым-жартылай басып алгандарды премьер-министрликке көрсөтүп жатышат. Балким бул кайсы бир деңгээлде элдик көтөрүлүш болсо да, мамлекеттик төңкөрүш болгон жок. Кечээ Жогорку Кеңештин депутаттары түрмөдөн чыккандардын баарын кайтарууну талап кылып жатат дагы, абактан чыккан Садыр Жапаровду угуп отурушат.
Мыйзам баарына бирдей иштеши керек. Мыйзамды тандап колдонуу – бийликтин анархиясы. Болбосо алар баарын кайра камашы керек, же аларга бийликти берип, “эл баатыры”, “төңкөрүшчү” деш керек. Бүгүн камалып жаткан Алмазбек Атамбаев, Курсан Асанов, Равшан Жээнбековго кайсы негизде кылмыш ишин козгой алат экен?
Азыр президент легитимдүү, өкмөт өз курамында иштеп жатат, абактан чыккан бир саясатчыны айрым депутаттар премьер-министр деп таанышыптыр. Мунун баары мыйзамды ушунчалык одоно бузуу болгондуктан, сүрөттөп айтканга да сөзүм жетпей калып жатат. Бийликтин ушул кейпи менен бир да эл аралык институт же чет өлкөлөр бул бийликти тааныбайт. Азыр биз туңгуюктун түбүнө түшүп кеттик.