Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 07:45

Садыр Жапаров аянтта тарапкерлеринин алдында сөз сүйлөдү


Садыр Жапаров митингде. 8-октябрь, 2020-жыл.
Садыр Жапаров митингде. 8-октябрь, 2020-жыл.

Садыр Жапаров 10-октябрда түштөн кийин Өкмөт үйүнүн алдындагы тарапкерлеринин алдына келип, сөз сүйлөдү. Ал бүгүн парламент өкмөт башчысын шайлоо үчүн жыйынга чогулары кабарланганын айтты:

"Ушунча күндөн бери чогула албаган парламент бүгүн да чогуларына көзүм жетпейт. Куралдуу күчтөр шаарда башаламандык болуп кетпесин деп алып келген, алар силерге тийбейт. Сиздер да тартипти бузбаңыздар", - деди.

Садыр Жапаров 9-октябрда аянтта болгон башаламандыкты атайын "бир күн мурун сүйлөшүлүп алып, жасалган чагым" деп, тарапкерлерин тартиптүү болууга чакырды. Ал ошондой эле мамлекеттен өзүнүн коопсуздугун камсыздоочу күзөт кызматчылары бар экенин да айтты.

Ушул тапта Ала-Тоо аянтында аскер жана милиция кызматкерлери Элдик кошуун менен чогуу саптык тескемеге тизилди. Аларга ички иштер министринин милдетин аткаруучу Сүйүн Өмүрзаков сөз сүйлөдү. Аянттын берки тарабындагы Садыр Жапаровдун тарапкерлери күч кызматкерлерин "буйрук берилген күндө да элге ок атпоого" чакырып жатышат.

Садыр Жапаровдун тарапкерлеринин митинги Өкмөт үйүнүн алдында уланып жатат.

Административдик имараттарды ээлеп алуу менен уланган 5-6-октябрдагы элдик толкундоолордон бери өлкөнү мыйзам алкагына киргизүү маселеси татаалдашып, тирешүүлөр уланып жатат. 9-октябрда бир учурда үч жерде митинг өттү. Ала-Тоо аянтындагы камактан бошотулган мурдагы президент Алмазбек Атамбаев, мурдагы премьер министр Өмүрбек Бабанов тарапкерлери менен, мыйзамдуулукту талап кылган жаштар катышкан митингде кагылышуу катталды жана андан кеминде жети киши жаракат алды. Муну "Садыр Жапаровдун тарапкерлеринин чагымы" деп айыпташты. Жапаровдун тарапкерлери мындай дооматты төгүндөштү.

ИИМ бул окуяга байланыштуу кылмыш иши козголгонун кабарлады.

10-октябда Жогорку Кеңештин вице-спикери Аида Касымалиева “Фейсбуктагы” баракчасына парламенттеги көпчүлүк коалицияны премьер-министрлик кызматка Жапаровду эмес, жаңы талапкерди көрсөтүүгө чакырган пост жазды. Бир күн мурда Касымалиева өкмөт башчылыкка Садыр Жапаровдун талапкерлигин колдой турганын журналисттерге билдирген.

6-октябрда Жогорку Кеңештин депутаттарынын бир бөлүгү түрмөдөн жаңы бошотулган Садыр Жапаровду убактылуу премьер-министрликке сунуштаган.Бул чечимди депутаттардын башка бөлүгү жана аларды колдогон башка саясий күчтөр тааныбай турганын билдирген жана "Акыркы үмүт" саясий коалициясы Өмүрбек Бабановду сунуштаган.

Ушул тапта Жогорку Кеңеш мамлекеттик резиденцияга кезексиз жыйынга чогулууда. (ZKo)

XS
SM
MD
LG