Бишкек шаарынын аймагына Өзгөчө абал киргизилди

Ала-Тоо аянты. 2020-жылдын 10-октябры.

10-октябрдан тартып, президенттин Бишкек шаарынын аймагына Өзгөчө абал киргизүү тууралуу жарлыгына ылайык, борбор калаага Өзгөчө абал киргизилди. Буга байланыштуу шаардын коменданты Алмаз Орозалиев тиешелүү буйругун чыгарды.

Коменданттын буйругу боюнча, 10-октябрдан 21-октябрга чейин түнкүсүн шаар аймагына коменданттык убакыт киргизилет. Ал саат 21:00ден тартып, таңкы саат 5:00ке чейин болот. Бул аралыкта автоунаалардын, коомдук транспорттун, жөө адамдардын көчөдө жүрүшүнө тыюу салынат. Алкоголдук ичимдиктерди сатууга саат 18:00дан күндүзгү 9:00га чейин уруксат берилбейт.

Борбор калаа аймагында митинг, жүрүш, пикет жана башка спорттук, маданий массалык иш-чараларды өткөрүүгө тыюу салынат. Ички иштер министрлигинин атайын күзөт кызматы мамлекеттик жана стратегиялык объекттерди кайтарат. Мындан тышкары Бишкек шаардык комендатурасы шаардыктарды коомдук коопсуздукту сактоо иштерине тартууга, зарылчылык болсо кооптуу аймактардын тургундарын коопсуз жактарга көчүрүүгө, айрым жарандарды үй камагына алып, аларга жашаган жеринен башка жакка чыгуусуна тыюу салууга, ишкана-мекемелердин иш тартибин өзгөртүүгө укуктуу.

Комендатура ошондой эле байланышуунун жаңы эрежелерин киргизүүгө, автоунаалардын жүрүшүн чектөөгө, айрым кырдаалды курчуткан саясий партиялардын, уюмдардын, кыймылдардын, бирикмелердин ишмердүүлүгүн токтотууга, эл көп чогулган жерде жарандардын, автоунаалардын документтерин текшерүүгө, аш-той жана башка жеке иш-чараларды, каржылык операцияларды тескөөгө укугу бар.

Президент Сооронбай Жээнбеков Бишкек шаарынын аймагына 9-октябрдан тартып өзгөчө абал киргизүү тууралуу жарлыкты жума күнү чыгарган. Жарлыкка ылайык, кырдаалга милиция менен кошо аскерлер көзөмөл кылат. Бишкек шаарында атайын комендантура түзүлүп, ички иштер министринин орун басары Алмаз Орозалиев комендант болуп дайындалды.

Бүгүн, 10-октябрь күнү да Өкмөт үйүнүн алдына Садыр Жапаровдун тарапкерлери чогултуп, аны колдоо митингин улантышууда.

4-октябрдагы парламенттик шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгын жокко чыгарууну талап кылып башталган митингдер башаламандыкка айланып, 6-октябрга караган түнү митингчилер парламент менен президенттик аппараттын УКМКнын имараттарын ээлеп алышкан. Натыйжада коррупция үчүн айыпталып камакта отурган мурдагы президент Алмазбек Атамбаев, мурдагы премьер-министрлер Сапар Исаков, Жантөрө Сатыбалдиев баштаган адамдарды, жаза мөөнөтүн өтөп жаткан Садыр Жапаровду жактоочулары барып камактан чыгарышкан.

Президент Сооронбай Жээнбеков акыркы окуяларды парламенттик шайлоонун шылтоосу менен бийликти басып алуу аракети катары баалаган. Андан бери президент элге беш ирет кайрылды, бирок элдин алдына чыга элек.

Бул окуялардын натыйжасында Борбордук шайлоо комиссиясы акыркы парламенттик шайлоонун жыйынтыгын жараксыз деп тапкан. Учурда мыйзам алкагына кайтып келүү максатындагы аракеттер жыйынтык бере элек. Өлкө 6-октябрдан бери саясий кризисте. (ZKo)

Дагы караңыз

Москвада азери-армян дипломаттары жолугушуудаАла-Тоо аянтындагы кагылышта беш киши жараат алдыОш шаардык кеңеши мэр Сарыбашовго ишеним көрсөтпөө токтомун жокко чыгарды Ала-Тоо аянтында ок чыгарган адамга издөө жарыяландыПашинян: Кыргыз элине тынчтык каалаймЖогорку Кеңеш кезексиз жыйынга чогулууда (видео)Садыр Жапаровдун тарапкерлери Эски аянтты тосуп алып митинг өткөрүүдөАла-Тоо аянтындагы окуялар боюнча кылмыш иши козголдуCOVID-19: Бир күндө беш адам каза болду, 307 бейтап жаңы катталды