Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 19:29

Ала-Тоо аянтында ок чыгарган адамга издөө жарыяланды


Ала-Тоо аянтындагы митинг. 9-октябрь, 2020-жыл.
Ала-Тоо аянтындагы митинг. 9-октябрь, 2020-жыл.

9-октябрь күнү Ала-Тоо аянтында белгисиз автоунаага ок чыгарып жаткан адамга издөө жарыяланды. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы кабарлады.

Аянттагы ок атуу фактысы боюнча Кылмыш кодексинин 264-беренеси (“Массалык башаламандык”) боюнча иш сотко чейинки өндүрүшкө алынган.

Милиция социалдык тармактарда куралчан адамдын автоунаага аткылаганы тартылган тасмадагы адамга издөө жарыялады. Тасмадагы адамды тааныгандардан милицияга кабарлап коюуну өтүнүүдө.

Бүгүн, 9-октябрда Бишкектин Ала-Тоо аянтында мурдагы президент Алмазбек Атамбаев менен мурдагы премьер-министр Өмүрбек Бабановдун тарапкерлеринин жана жаш активисттердин митинги Садыр Жапаровдун тарапкерлери тарабынан үзгүлтүккө учураганы кабарланган. Садыр Жапаровдун тарапкерлери буга тиешеси жок экенин айтышууда.

Ушул маалда жамаатташ жайгашкан өкмөт үйүнүн алдында Садыр Жапаровдун тарапкерлери митинг өткөрүп жатышкан.

Ошондой эле курал колдонулуп, ок атылды. Социалдык тармактарда жарыяланган видеолордо белгисиз адамдар машинелердин бирин атып жатканын көрүүгө болот. Ок атылганын жеринде жүргөн «Азаттыктын» кабарчылары да ырасташты. Кийинчерээк соцтармактарда Кыргызстандын мурдагы президенти Алмазбек Атамбаевдин, Сапар Исаковдун, Өмүрбек Бабановдун унаалары аткыланганы тууралуу маалыматтар тараган. (ZKo)

XS
SM
MD
LG