Мэрия: Башаламандык учурунда Бишкек шаары 17 млн. сом зыян тартты

5-октябрдан берки башаламандык учурунда баш калаанын бюджети 17 млн. сомдук зыян тартты. Бул алдын ала чыгарылган эсеп экенин, дагы тактоо болорун Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматов бүгүн, 9-октябрда журналисттерге билдирди.

Анын айтымында массалык башаламандык учурунда 12 автобус, ИИМдин жана Бишкек ШИИБнин 16 кайгуул автоунаасы талкаланган, жети «Тез жардам» машинеси жабыркаган.

«Тез жардам» машинелерин оңдоого 500 миң сомдой акча сарпталат. Ала-Тоо аянтындагы келтирилген зыяндын суммасы төрт миллион сомду түзгөн. Суракматов башаламандыктын кесепетинен шаар бюджети да кыйынчылыкка дуушар болорун эскертти. Анын айтымында пандемия шартында бюджеттин таңсыктыгы 1,5 млрд. сомго жеткен.

Шаар башчысынын айтымында бардык мекемелер, вице-мэрлер, акимдер күчөтүлгөн тартипте иштеп жатышат. Шаардык ички иштер башкармалыгы элдик кошуун менен чогуу шаардын коопсуздугун жана тартибин сактайт.

4-октябрдагы шайлоонун жыйынтыгына нааразылык иретинде 5-октябрда башталган митинги башаламандыкка айланып, демонстранттар 6-октябрга оогон түнү президенттик администрация менен парламенттин имаратына кирип барышкан. Ошондон бери Бишкекте митингдер токтой элек.

Башаламандык учурунда баш калаадагы бир катар дүкөндөр, кафе-ресторандар талкаланганы кабарланган. Бүгүн, 9-октябрда да Бишкектин Ала-Тоо жана Эски аянттарында митинг өтүп жатат. Бир нече убакыт мурун аянтта белгисиз адамдардын кагылышуусу орун алган. (ZKo)

Дагы караңыз

Ала-Тоо аянтындагы митинг үзгүлтүккө учурадыСадыр Жапаров элге чыкпайтРобин Орд-Смит: Кыргызстандагы талоончулуктун кесепети узак болотАла-Тоо аянтында Темир Сариевдин жансакчысы жаракат алганы кабарландыПрезидент кырдаалды жөнгө салууга кадам таштады Президент Бишкекке өзгөчө абал киргизүү тууралуу жарлык чыгардыЭски аянтта Садыр Жапаровду колдогондордун митинги уланууда